2025-жылдын 28-апрелинде саат 18:00дө А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында “Алыкулга таазим” поэтикалык кечеси өтөт. Кечени профессионал актерлор коштойт. Аталган иш чара кыргыз адабиятынын классиги, новатор акын-котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Эл аралык Алыкул Осмонов фонду тарабынан уюштурулууда. Кирүү акысыз, жалпы күйөрмандарды поэтикалык кечеге чакырабыз.
