
КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, К.Аблабеков атындагы коомдук фонду тарабынан жарыяланган Кадырбек Аблабеков атындагы республикалык адабий фестивалынын
ЖОБОСУ
I Жалпы жоболор
- Бул Жобо (мындан ары – Жобо) жаш акындардын республикалык Кадырбек Аблабеков атындагы фестивалын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комиссиясынын чечимине ылайык иштелип чыкты.
- Жобо республикалык жаш акындардын арасында фестиваль (мындан ары – фестиваль) өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
- Фестиваль КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, К.Аблабеков атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, массалык маалымат каражаттары менен биргелешип өткөрүлөт.
II Фестиваль өткөрүлүүчү жер:
- Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары
III Фестивалды өткөрүү убактысы:
2025-жылдын июль айы. (Так убактысы жакындаганда жарыяланат).
IV Фестивалдын максаты:
- Кадырбек Аблабековдун ысымын түбөлүккө калтыруу;
- Кадырбек Аблабековдун чыгармачылыгын элге жайылтуу;
- Кадырбек Аблабековду эскерип туруу;
- Жаш калемгерлерге чыгармачылык шык, эргүү тартуулоо;
- Жаш авторлордун чыгармаларын элге жеткирүү, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу;
- Акын-жазуучулар менен окурмандарды жакындан тааныштырып, жандуу диалог уюштуруу;
- Улуттук идеологиялык, агартуучулук кызмат жүргүзүү;
- Көмүскөдө жүргөн жаш калемгерлерди эл алдына алып чыгуу;
- Адабий процессти жандандыруу.
V Фестивалдын уюштуруучулары:
- КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы;
- К.Аблабеков атындагы коомдук фонду.
VI Уюштуруучулардын милдеттери:
- Фестивалды уюштуруунун жана өткөрүүнүн иш планын иштеп чыгуу;
- Фестивалды өткөрүүгө бардык даярдыктарды көрүү;
- Фестивалдын катышуучуларын аныктоо;
- Жалпы чыгымдардын сметасын түзүп чыгуу;
- ЖМК менен тыгыз иштешүү;
- Фестивалдын катышуучуларын жатакана, транспорт, тамак-аш менен камсыздоо ж.б.;
VII КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ
- Конкурска 16 жаштан 35 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат.
- Конкурска тапшырылган ырлардын көлөмү 10 куплеттен ашпоого тийиш.
- Чыгармалар электрондук вариантта жана компьютерде терилген вариантта кабыл алынат.
- Бир автор 10 ыр жөнөтүү укугуна ээ.
- Тапшырылган ырлар мурда сынакка катышкан-катышпаганына талап коюлбайт.
- Чыгармалар конкурс жарыяланган күндөн тартып, 2025-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.
- Чыгармалар Документ Word (doc же docx) файлдарында шрифт Times New Roman 14 өлчөмүндө, 1,5 аралыкта болуусу керек.
Баш байге: 50000 (элүү миң) сом
1-орун: 30000 (отуз миң) сом
2-орун: 20000 (жыйырма миң) сом
3-орун: 15000 (он беш миң) сом
Атайын номинациялар: 3 (үч) сыйлык 5000 (беш миң) сомдон
Жалпы байге фонду: 150000 (жүз элүү миң) сом
- Чыгармалар aikol.studio.kg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлөт же Пушкин 144 дарегине кагаз түрүндө алып келип тапшырылат.
- Байланыш үчүн тел.: 0702 258383, 0708 502880