Ай Көл

Поэзия

Манас Алымбаев: Саргайган күз. Чаң аралаш ойлордон, Сага ылайык сап издешет кыялдар

Ат үстүндө толгоолор…Атым жаңы такаландың,Ташыркабай арышта.Тизгиниңди токтото албай,Карышсын кол карышса.Өмүр бизди шаштырса да,Биз булуттай каалгып жылып,Бир да жолу кошулбадык жарышка. Дүбүртүнө кошулсаң сен аттардын,Дүрбөөсүнө кошулсам мен жаштардын.Байге алмаксың сен деле,Бай болмокмун мен деле,Кыйын деген күлүктөр,Сага окшогон ат эле.Кыйын деген жигиттер,Мага окшогон пенде эле…Экөөбүз тең козголбогон,Тоону көрүп суктанып.Жашабайбыз жарышып деп,Тынч тоолорго ыктадык. Дүйнө сенин суулугуңдай,Чайналып да, […]

Карасөз

Данияр Исанов: Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат.

(Эссе)Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат…Санаасын да, сагынычын да жерибейм. Балким, мени ушул эки нерсе эсиме келтирип, ар таңда Улуу Жолго – Улуу Милдет жүктөп туруп, анан адам бол деп алыска узатып турганындадыр!? ***** Санаа – чабыттап учкан кыялым… Кай жерге беттеп учат, кайдан токтойт – муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Санаа токтогон күнү өмүр бүтчүдөй

Карасөз

Мамат Сабыров: Жанат

(аңгеме)— Теперь здесь будет порядок, — деди Жанат.Пилоткасын куруна кыстарган кара-тору жигит ийнени шашпай сайып, погонуна старшинанын белгисин тагып атты.— Утром полковник Сидорчук присвоил мне звание и попросил обеспечить здесь порядок. Теперь будет железная дисциплина. А то совсем распустились…Бул учурда биз жаңы эле түшкү тамактануудан келгенбиз. Ачык капталдары шамалга желбиреген чатырлардын ичинде бутту сунуп коюп

Драма

Мар Байжиев: Ажырашуу сотунда

(Бир көшөгөлүү тамаша) Бопуш Монколоев- Күйөөсү Күкүш Монколоева- Аялы Акыйкаттуу сот Окуя райондук эл сотунда өтөт. Бүгүнкү күндөр… Сот бир нерсе жазып отурат. Бопуш: (эшиктен баш багып). Мүмкүн бекен? Сот: Келиӊиздер. (Бопуш Күкүштү жетелеп кирет. Колунда чоӊ сетка анын ичинде газетага оролгон папкелер) Сот: Отурунуздар, кулак сизде. Бопуш:Биз жанагы… тиги… ажырашабыз деп арыз бердик эле.

Котормо

Николай Заболоцкий: Бабалардан эмне калса – бүтүндөй, Демек, жаштар, бүт силердин энчиңер.

КаркыраларАпрелде Африкадан – алыстанБиздин жердин кышы жазга алмашса.Желе тартып үч бурч болуп алышканКаркыралар учуп келет ар жазда. Жарк-журк этип күн нуруна чагылып,Канаттары кудум күмүш өңүндөй.Кең асманга жебе өңдөнүп сайылып,Келатышкан тобунан эч бөлүнбөй. Жеткен кезде көлгө ушул арада,Дене боюн дүркүрөтүп адамдын.Жылчыгынан түтүн бүркүп абага,Ок атылды арасынан бадалдын. Учкун жарк деп, тарс эткен үн угулуп,Көк коргошун көзөп

Котормо

Федерика Гарсиа Лорка: Поэтика жөнүндө

Акын, драматург, музыкант, сүрөтчү-график Ф.Г.Лорка Испаниянын Гранада аймагындагы Фуенте-Вакерос шаарчасында 1898-жылы 5-июнда төрөлгөн. 1919-жылы Мадридге келип, Сальвадор Дали, Сьерра Луис Буньюэль жана “Эслава” театрынын директору Грегорио Мартинес Сьерра менен таанышып, чыгармачылыкка биротоло өтөт. Ошол жылы алгачкы “Көпөлөк сыйкыры” пьесасын жазып, сахнага коюлат. Сүрөтчү-авангардист катары таанылып, 1928- жылы “Цыганское романсеро” ыр жыйнагы жарык көрөт. Бир жылдан

Котормо

Джозеф Эссбергер: Жүзүм сыкма

Чарльз де Груз Парижде чет элдик меймандарды коноктоп жатканда: «Чыныгы кызыл шараптын даамынан ыракат алуу үчүн сѳзсүз Француз болуунун кажети жок» – деп айтар эле. «Бирок, бир нерсени билүү Француз болууну талап кылат» – деп күлүп кошумчалап коёр эле. Француз дипломатиялык корпусунда кызмат ѳтѳгѳн граф де Груз жубайы менен Вольтер кѳчѳсүндѳгү кооз үйлѳрдүн биринде жашачу.

Scroll to Top