Ай Көл

Поэзия

Каниет Орозбеков: “Жакса экен” деп келип кезигүүгө, “жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым

Өзүм жөнүндө маалымат 7-май. Төрөлгөнүм ушу күн,Жерден көккө 170 узунум.Жеген жактан киши салбайм алдыга,Жепжеңилмин, бирок арык кишимин. Ата-энемдин желбиреген туусумун,Алай-дүлөй ташкындаган суусумун.Кыла албай келем “барга” каниет,Кызыгы эң, а КАНИЕТ ысымым. Көңүл бурар ойлор менен бөлүшсөк,Көпкөк тарткан айтсак болот “дениз” деп.Кем дегенде тынч жатканда эки күн,Коймок экен ысымымды ЖЕҢИШБЕК. Атам Ороз. Орозбеков фамилиям,Ата-бабам “Эштек” уруу жагынан.Анчалык […]

Поэзия

Тайир Аширбай: Жалбырттап жалын чачам, чачыраймын, Жаштыкка, жашарууга эмне жетсин

Табийгатка ыракмат! Күүлөндүрөт, күчтөндүрөт бир арман,Күндө кирип, түндө кирип түшүмө.Чет өлкөдөн чыкпаса да чыгармам,Черткен күүмө чегирткелер түшүнөт. Балалыктан түшүп калган көк асманБаягыдай мени карай жүгүрөт.Мына кызык: данеги бар сөз тапсам,Менден бетер кумурскалар сүйүнөт. Көлчүктөгү кичи толкун, добуштарКурбаканын коштоосунда жаралат.Көз тайгылткан алтын коңуз, коңузжан,Көөдөнүмө ийне сайып кадалат. Жылдыз курттар – чейрек ууртам суу ичип,Жылт-жулт этип, жылып

Поэзия

Самсак Станалиев: Эгер тагдыр макул көрүп тил алса, ырга айлантып салса мени жакшы эле.

Мен бу шаардын жомогу Калаа мени алды багыпчаарчык элем көз кайкыган тоодогу.Эркиндикти өмүр кылгамсезилчү эмес муң-армандын бар-жогу.Жете алчу эмес душмандынжазем билбес жаа огу. Мен борборго ошентипсенден калган туяк болдум жапжалгыз.Төбөсүнөн от күйгөнтаксилери издесе да таап алгыс,Кустанай деп аталганкичинекей көчөсүата-энеси чакырса да карагысасыранды балам бол депбагып алды.Жалжал кызтолгон айдай толукшуптереземе келет дагы күн алыссурай берет: «Кайсы

Поэзия

Манас Алымбаев: Саргайган күз. Чаң аралаш ойлордон, Сага ылайык сап издешет кыялдар

Ат үстүндө толгоолор…Атым жаңы такаландың,Ташыркабай арышта.Тизгиниңди токтото албай,Карышсын кол карышса.Өмүр бизди шаштырса да,Биз булуттай каалгып жылып,Бир да жолу кошулбадык жарышка. Дүбүртүнө кошулсаң сен аттардын,Дүрбөөсүнө кошулсам мен жаштардын.Байге алмаксың сен деле,Бай болмокмун мен деле,Кыйын деген күлүктөр,Сага окшогон ат эле.Кыйын деген жигиттер,Мага окшогон пенде эле…Экөөбүз тең козголбогон,Тоону көрүп суктанып.Жашабайбыз жарышып деп,Тынч тоолорго ыктадык. Дүйнө сенин суулугуңдай,Чайналып да,

Scroll to Top