Ай Көл

Карасөз

Сагын Акматбекова: Муңайым жымжырттык

Ай күнөөлүү …Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз.Өзүмү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: «сен күнөөлүү!» – […]

Карасөз

Данияр Исанов: Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат.

(Эссе)Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат…Санаасын да, сагынычын да жерибейм. Балким, мени ушул эки нерсе эсиме келтирип, ар таңда Улуу Жолго – Улуу Милдет жүктөп туруп, анан адам бол деп алыска узатып турганындадыр!? ***** Санаа – чабыттап учкан кыялым… Кай жерге беттеп учат, кайдан токтойт – муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Санаа токтогон күнү өмүр бүтчүдөй

Карасөз

Мамат Сабыров: Жанат

(аңгеме)— Теперь здесь будет порядок, — деди Жанат.Пилоткасын куруна кыстарган кара-тору жигит ийнени шашпай сайып, погонуна старшинанын белгисин тагып атты.— Утром полковник Сидорчук присвоил мне звание и попросил обеспечить здесь порядок. Теперь будет железная дисциплина. А то совсем распустились…Бул учурда биз жаңы эле түшкү тамактануудан келгенбиз. Ачык капталдары шамалга желбиреген чатырлардын ичинде бутту сунуп коюп

Scroll to Top