Ай Көл

Жаңылыктар

Айдар Рысбеков: Алтын жээгиң бир көрүүгө зарыгып, Кусаланып келдим сага Омордой.

“Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү, жаш акын Айдар Рысбековдун “Көл жана сен” аттуу алгачкы поэзия кечеси Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында өттү. Көл толкунунун боюнда, көл шоокумунун фонунда айтылуу Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттар” ырынын коштоосунда сахнага каалгый басып чыга келген авторду кечеге келгендер дуулдай тосуп алышты. Оо, көлүм, мен сүйүүнүн азабына кабылып, махабаттан […]

Жаңылыктар

С.Жусуев 8-Гвардиялык Панфилов дивизиясынын согуш ардагери

КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын 2-күнү Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы паркта, Панфиловдун эстелигинин алдында 8-Гвардиялык Панфилов дивизиясынын согуш ардагери С.Жусуевди эскерүү-реквиеми менен башталды. Иш чара Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. КР Мамлекеттик гимни менен ачылган салтанатта Юстициянын Генерал-лейтенанты Курманбек Осмонов, КР Эл акындары Карбалас Бакиров,

Видео, Жаңылыктар

КР Баатыры Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш чаралар старт алды

Бүгүн, 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Фадеев атындагы сыйлыктын (алтын медалдын) ээси, Казакстандын кайраткери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесинин алгачкы 2 иш-чарасы өткөрүлдү. Биринчи иш-чара – Сооронбай Жусуевдин эстелигин орнотуу үчүн бөлүнгөн Тоголок-Молдо сейилбагындагы жер тилкесине расмий белги (таш) коюу расмиси. Иш-чара

Жаңылыктар

Улуу жеңиштин 80 жылдыгы кут болсун!

Урматтуу калемдештер,Урматтуу замандаштар,9-май – Улуу жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайбыз! Бул жеңиш күн бизге аталарыбыздын каны-жаны менен келген. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим. Элибиздин тынчтыгы, мекенибиздин эркиндиги үчүн жан аябай салгылашып, кан күйгөн согушту көзү менен көрүп, жүрөгүнөн өткөрүп, ошол башынан өткөргөн алаамат күндөрдү

Жаңылыктар

“Үндүү жарык” ак ырлар эмес, Рысбековдун стили

“Муратбек Рысбековдун ырларын ак ырлар деп айтып жүрүшөт. Жок, бул ак ыр эмес, Рысбековдун стили. Биз эпос жараткан эл болгондуктан куюлуштуруп жазып, уйкаштык издегенге көнүп калганбыз. Советтик адабият гана бизди дүйнөлүк деңгээлге бир аз көтөргөнү болбосо, көпчүлүгү эле кураштырып, жамактын денгээлинде болуп кала берди. Ыр жазып, жамактаган талант ар бир кыргызда бар, кеп анда эмес,

Жаңылыктар

“Алыкулга таазим” поэтикалык кечеси өттү

Кыргыз адабиятынын классиги, новатор акын-котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Эл аралык Алыкул Осмонов фонду тарабынан уюштурулган “Алыкулга таазим” аттуу поэтикалык кече А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында болуп өттү. Кечеде Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш коюлду. Студенттер Алыкулдун ырларын көркөм окуп беришти. Алыкулдун образын кемелине келтире аткарып жүргөн “Учур” театрынын актеру

Жаңылыктар

Адабий багытта aikol.kg сайты кызматта

Урматтуу адабият күйөрмандары, калемгерлер. Сиздер үчүн жагымдуу жаңылык. Акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жалпыга пропагандалоо, окурмандарга мыкты чыгармаларды тартуулап туруу максатында aikol.kg сайты ишке кирди. Мындан ары сиздер үчүн акын-жазуучулардын чыгармаларын, адабиятчылардын пикирлерин, сын-макалаларды, адабий жаңылыктарды, маектерди, подкасттарды, дүйнөлүк адабияттан мыкты котормолорду күн сайын тартуулап турабыз. Ар бир акын-жазуучуну, адабиятчыларды кызматташууга чакырабыз. Биз кызматташууга даярбыз. Жазмакерлер менен подкасттарды

Жаңылыктар

Раиса Акылтай кызынын “Эшигимди ырлар ачты” аттуу поэзия кечеси өттү

Бүгүн “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү Раиса Акылтай кызынын көркөм окуусунда “Эшигимди ырлар ачты” аттуу поэзия кече болуп өттү. Поэзия кече КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын демилгеси менен уюштурулду. Поэзия кечеде кыргыз акындары А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Эргешов, А.Токтомушев, Т.Кожомбердиев, А.Акималиев, Т.Муканов, З.Ажыматов сыяктуу бир нече акындардын ырлары окулуп, обондуу ырлар менен

Жаңылыктар

Жазуучу Б.Бектенованын “Элчинин кылычы” китебинин бет ачары өттү

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Жайыл районунда жазуучу Бүбүйра Бектенованын “Элчинин кылычы” китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган иш чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук бөлүмү менен бирге уюштурулуп, ага КРУЖС Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Д.Юсупов, акын-жазуучулар Б.Карагулова, Б.Арстанбекова, Г.Орозматов, КР Эл артисти Д.Жалгасынова, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаев ж.б.

Scroll to Top