Ай Көл

“Бет-Алман” – кыргыз прозасындагы жаңы сөз, этаптуу чыгарма

Өткөн жылдын акыркы айларында буга чейин кыргыз адабий чөйрөсүндө анча белгисиз болгон автор Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” аталышындагы тарыхый-даректүү романы жарык көрдү. Роман чыгары менен адабий коомчулукта эле эмес дегеле жалпы коомчулукта кызыгуу жаратып, аталган чыгарма боюнча тынымсыз сөз жүрө баштады. Анын негизги себеби романдын каарманы – Caпар Алмамбетовдун тарыхта жашаган, татаал тагдырлуу адам болгондугу, ал тууралуу элибиздин тар чөйрөсүндө үсүл-кесил, тымызын сөздөр айтылып жүргөнү менен ал кишинин бүгүнкү күнгө чейин тарыхый бейнеси ачылып, тарыхыбыздагы инсандык, атуулдук ордунун такталбагандыгы, ага дегеле маани берилип, атайын тарыхый, илимий же көркөм сереп салынбагандыгы болду. Ишен Айтмамбетов биринчи болуп Сатар Алмамбетовдун өмүр-тагдырын көркөм иликтөөгө алып, романынын негизги каарманына айландырып, Улуу Ата Мекендик согуштагы анын карама-каршылыктуу эрдиктерин жогорку көркөм чеберчиликте чагылдыруу менен эгемендүүлүктөн берки кыргыз адабиятыбызга жаӊы тема, жаӊы сөз, жаӊы көркөм ачылыш алып келди десек болот.

Ырас бүгүнкү күнгө чейин Советтик адамдардын турмушуна бүлүк салып, адам өмүрүн суудай агызган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу улуттук адабиятыбызда көптөгөн мыкты чыгармалар жазылды. (Аларды кайрадан санап олтуруунун бул жерде кажети деле жок). Бирок ошону менен эле кыйраткыч согуш тууралуу айтар сөз айтылып бүтүп калган жок! Тескерисинче, 80 жыл өтсө да, ал согуштун эстен кеткис алааматы, куну бүгүн адамзаттын эсинде. Бул тема искусстводогу негизги, түбөлүктүү тема боюнча кала берери шексиз жана ал улам жаны көркөм-эстетикалык өңүттөн ачыла бериши керек. Маселе ага бүгүнкү күндө кандай эстетикалык критерийлер менен карап, кандай позициядан чагылдырууда турат. Ушу маселеде орустун мыкты жазуучуларынын бири Виктор Астафьевдин олуттуу бир пикири эске келет, ал минтип жазат: «Она отвратительная война. Надо писать ee отвратительной и страшной, a не лозунгово-героический. Однако думаю, настала время писать о войне по другому. Сегодня, когда существует довольно большая мировая литература о войне, дающая о ней представление как кровавой войне, перед художником станет задача, написать свою войну.

Сейчас писатель, я так понимаю должен больше осмыслить происходящее. Вникать в него размышлять вслух, беседовать с глазу на глаз с читателем. Изображение батальных сцен, сплошного действия не годится» (Л.Г. 26.09.90).

Виктор Астафьевдин тээ эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында айткан бул олуттуу пикиринин ишке ашышын мен ушул коомчулукка анча белгисиз болгон таланттуу жазуучу Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” аттуу романынан тапкандай болдум. Оболу, өзүнүн билген согушун жазган автор туурасында азыноолак маалыматым менен бөлүшө кетейин.

Ишен Айтмамбетов – Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү, демек адабияттан алыс эмес адам. Убагында аспирантурада окуп, бирок ар кандай обьективдүү, субьективдүү шарттардан улам жазып бүтүргөн илимий ишин коргой албай калган экен. Андан соң бешенесине жазган ар кыл иштерди иштеп жүрөт. Бирок жан дүйнөсүндө адабиятка карата кызыгуусу жашап калган экен. Анын бирин-экин аӊгемелерин учурунда “Ала-Тоо” журналынан окуганым бар. Кийин анын “Туманга кирген кеч” (2018) аттуу повести колума тийип, окуп калдым. Повестте эл аралык чыгыш күрөштөрү Кун-Фу боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, карате боюнча “кара курдун” ээси, дунган элинин даӊктуу уулу, жердешибиз, КР Жогорку Кенешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, КР маданиятына эмгек синирген ишмер, Эсен Исмаиловдун өмүр-таржымалы боюнча автобиографиялык окуялар баяндалат. Чыгарма бир топ эле чыйрак жазылганына карабай автордун али тажырыйбасыздыгынын кесепетинен кеткен көркөм иштелишине байланыштуу алашемдиктерден да кур эмес эле (схематизм, сыпаттап окуяны үстүрт сүрөттөө, каармандын образын түзүүдө психологизмдин жетишсиздиги). Бирок да байкаганым: жаш автордун сөз менен иштөө маданиятынын жогорулугу, сүрөткерлик чеберчилиги, сюжетти тыкан куруусу болгон, автобиографиялык материалды ыктуу пайдалана билүүсү да дурус эле. Чыгарма орус, англис, кытай тилдерине которулуп, Европа жазуучулар гилдиясынын байгесине ээ болгон экен.

Ишен Айтмамбетовдун “Алтын” аттуу даректүү көркөм повести да бар. Ал КР Улуттук жазуучулар союзунун жана Кыргызстан Сорос фондунун “Ала-Тоо-97” фестивалынын “Гран-При” баш байгесине татыктуу болуптур. Жогорудагы биз учкай токтоп кеткен маалыматтар жазуучунун өзүн чыгармачылыктан табууга изденип, ички даярдык көрүп жүргөнүнөн кантсе да кабар бербей койбойт. Ошентип, Ишен мырза алты жылдан кийин “Бет-Алман” деген 630 беттик көлөмдүү романын көтөрүп, барбалаңдап кубанып, кайрадан чоң адабияттын астанасын аттап келип калды. Бир-эки жерде окурмандар менен жолугушту, радио-телеберүүлөр, интервьюлар уюштурган болду, ошентип романдын тушоосу кесилип, окурмандарын аралап кетти десем болот.

“Бет-Алман” романы боюнча айтыла турган сөздөр, пикирлер кудай буюрса алдыда. Ал боюнча адабиятчы, сынчылар гана эмес тарыхчылар, саясатчылар, дипломаттар ж.б. да убагы келгенде чоӊ сөз кылышат деген ойдомун, анткени романда сүрөттөлгөн мезгил, адам тагдыры, Совет доорундагы эл аралык мамиле, идеология бардык окурмандардын ойлонуп, терең түшүнүп, интерпретациялоосуна жем таштайт. Мен бул макаламда романдын учурдагы кыргыз адабияты, маданияты үчүн жаӊычылдыгы, чыгарманын көркөм-эстетикалык кунары туурасында кыскача сөз кылып, окурман чөйрөсүндө тааныштыруу ниетин максат кылдым.

“Бет-Алман” романы – автордун көп жылдык талыкпаган эмгеги, изденүүсүнүн үзүрү. Ал романдын негизги каарманы, тарыхый личность Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда советтик батальондун өзгөчө бөлүгүнүн начальниги, кийин душмандардын колуна туткунга түшүп, көрбөгөн азаптарды көрүп, бардыгына чыдап, акыры өз мекенине кайтып келген Сатар Алмамбетов тууралуу эл арасындагы аӊыз кептерди уккандан кийин анын биографиясына, тарыхына кызыгуусу артып, акырындап материалдарды чогултат, кумдан алтын издегенсип, ал материалдарды сүрөткерчилик көз менен иликтөөдөн өткөрөт. Бул китеп автордун бир гана Сатар Алмамбетовдун башынан өткөргөн нары татаал, нары кызыктуу тарыхына болгон кызыгуусунан эле жаралбастан, бүтүндөй Совет элинин Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилиндеги жашаган тарыхый кырдаал-шартына, согуш мезгилдеги советтик жоокердин башынан өткөргөн драма-трагедияларына бүгүнкү күндүн көз карашынан сереп салып, ал мезгилдин актай калган барактарын жазып, бейкапар элди бейпайга салган согушка тарыхый, чындыктуу корректировкалар киргизүү максатын көздөгөндөн жазылган. Романда камтылган окуялар өткөн жерлердин географиясы абдан кеӊирүү масштабдуу. Ал Кыргызстандан башталып, Москва, Белорусия, Польша, Австралия, Германия, Берлин, Австрия, Бонн, Женева, Москва, Соликамск, Сибирь, Уфа, ж.б. кайрадан Кыргызстан. Жогоруда аты аталган ар бир мамлекет, жерлердин өзгөчөлүктөрү, шаар, айыл, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү элдин аты-заты кеңири, ошол эле учурда чыгармада абдан сараңдык менен (лаконично) чыгармада сүрөттөлгөн. Жазуучу чыгармада сүрөттөөгө алган окуяларга өтө кылдаттык, чоң жоопкерчилик менен реалдуу мамиле жасаган. Бул, албетте, автордун тынбаган изденүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү, чеберчилигинин натыйжасы десек болот. Материалдын көптүгүнө карабастан, чыгарманын сюжеттик-композициялык түзүлүшү дыкат уюштурулган. Автор мүмкүн болушунча жанрдын кыртышы сүйбөгөн көп сөздүүлүктөн, схемалуулуктан, негизги окуяга тиешеси жок кирди-чыкты эпизоддордон качканы көрүнүп турат. Чыгарманын сюжети динамикалуу өнүгүп, анда сүрөттөлгөн окуяларга автор мүмкүн болушунча көркөм функция жүктөөгө жетишкен. Эски күндөрдү эскерүү менен башталган романда Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы тарыхый кырдаал, окуялар жиги билинбей алмашылып сүрөттөлүп жүрүп олтурат.

Чыгарманын дагы бир ийгилиги катышкан каармандардын көп экендигине карабай, жазуучу негизги каармандардын облигин, мүнөз өзгөчөлүктөрүн терең, ар тараптуу ачып берүүгө жетишкендигинде. Ap бир каармандын индивидуалдуулугу бар, алардын жүзү башкалар менен эч чаташтырылбайт. (Сатар – Бет-Алман, Мустафа Шокай, Фон Дирих Остер Фрайзинг, Фрау Эрика Дирих Фрайзинг, Франц Шульберг, А.Авакумов. А.Угрюмов, Н.Бушуев, К.Кондучалова, Жуматай, Мусаке, Гүлдайра, К.Федин, В.Каракай, Эркин ж.б).

Көркөм чыгарманын эстетикалык баалуулугун, окуучунун эмоциясына таасир этчү күчүн арттыруучу – бул көркөм психологизм. Автор бул багытта да ийгиликтүү десек болот. Чыгармада каармандардын ар кыл кырдаалдагы жана дүйнөлөрүнүн диалектикасына көӊүл бөлүү менен, аларды ичтен аңтарып ачып бере алган. Каармандардын портреттери, речи, психологиясы иш-аракетинин кырдаалдары менен жетишээрлик деңгээлде гармониалуу сүрөттөлгөн. Буга мисалдар романда жетишээрлик, толтура.

Жогоруда биз учкай белгилеп өткөн автордун чеберчилигине байланыштуу маселелер, албетте, жазуучунун көркөм сөз менен иштөө маданиятына түздөн-түз, көптөн-көп көз каранды экени белгилүү. Бул аспекттен карасак, Ишен Айтмамбетовдун сөз менен иштөө маданияты да мактоого татырлык:

1. Автордун лексикалык кору бай.

2. Ал ар бир сөздүн кунарын жакшы билет.

3. Сөздү урунуусу, ар бир сөздү керектүү жерине, өз ордун таап коё билүүсү да мыкты.

4. Каармандардын диалогдору жандуу. Алар окуянын өнүгүшүнүн динамизмин арттырып, ага кызмат кылып турат.

5. Чыгармада автор эпистолярдык жанрды да каармандарынын (Сатар, Эрика ж.б.) жан дүйнөсүн терең ачууда чебер колдоно билген Ошондуктан чыгарма жеӊил окулат, тез эле өзүнө окуучусун кызыктырып тартып кетет.

Азыркы учурда биздин акын-жазуучуларыбызда ушул жагынан көп өксүктүктөр бар экенин эске алсак, анда Ишен Айтмамбетовдогу жогорудагыдай артыкчылык да сөзсүз мактоого татыктуу. Дагы бир жагдай – автордун сөз менен сүрөт тарта билгени. Анын романында окуя өтүп жаткан аймактын ландшафты, улуттук өзгөчөлүктөрү эсте каларлык сүрөттөлүп, ал кээде каармандын маанайына шайкеш болсо, кээде жөн салды эле окуя өтүп жаткан жердин, өлкөнүн кыл калем менен тартылган жандуу полотносу катары эсте калат.

Романдагы дагы бир өзгөчө көңүл буруп, алдын сызып белгилей турган маселе – Сатар менен Эриканын сүйүүсүнүн жогорку денгээлде, абийирдүү, маданияттуу, адамкерчиликтүү, эч кандай эротикалык сценасыз сүрөттөлүшү. Өз мезгилинин алдынкы маданияттуу, интеллектуал адамдарынын таза махабатынын эталону бүгүнкү окурманга, замандаштарыбызга үлгү болорлук даражада чагылдырылышы бул дагы сүрөткердин адабий табитинен кабар берет. Эки жаштын, кыргыз жигити менен немец кызы Эриканын, ортосундагы сүйүүнүн татаал мезгилде, согуштук оор кырдаалда пайда болушун, өнүгүшүн, ажырашуу драматизмин автор табыгый, реалдуу, эӊ башкысы мезгилдин моралдык чегинде ишенимдүү сүрөттөөгө жетишкен.

Албетте, роман тууралуу жогоруда тезис түрүндө айтылган пикирлерди чечмелеп, аларга кенен токтолуу чакан макалада дегеле мүмкүн эмес, аларга чыгарма менен таанышкан ар бир окурман өздөрү да баам салар деген терең ишенимдемин.

Окурман кандай гана чыгарма окубасын, китеп барактарынан акыл-сезимине бүлүк салып, канат бүтүрүп жашоосунун лозунгуна айланар тунук акыл, асыл ой издейт. Чыгарманын автору андай чулу ойлорду каармандарынын, болбосо автордук кебине жуурулуштуруп, ал аркылуу чыгарманын негизги идеясын ишке ашырат, алар чыгармадагы окуяларды ичтен жаркытып, салмагын арттырат.

Жазуучу Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” романында каармандарынын башынан өткөргөн окуяларынан улам чыгарган ой корутундулары мол, алардын айрымдары бара-бара элдик афоризмдерге айланып кетери бышык. Сөзүм куру болбос үчүн, айрымдарын мисалга тарта кетейин. “Денедеги жарат айыгат, сөөк сыныгы бүтөт, жүрөккө баткан эс тутумду чийип салууга мүмкүн эмес. Ал кара жаның менен кетери талашсыз”. (И.Айтмамбетов “Бет-Алман”. Бишкек, 2024. – 32-б.). “Майданга өлөйүн деп эч ким барбайт! Майданда тирүү калуунун шартын, кунун кан ичкен жоокерден башка эч ким билбейт” (116-б). “Эрктүүлөр эч качан көз карашын сатышпайт” (136-б.). “Эгер өз керт башыңа өзүң ээ болбосоң, кем экениң ошо да” (151-б.). “Согуш – бул трагедия. Бул тирүү калгандар үчүн ачуу сабак болуп, жер жүзүндө экинчи кайталанбашы керек деп ойлойм. Кан күйгөн согушту аралап, тирүү калыштын өзү жеңиш!” (218-б.). “Согуш алааматынан кийин да, адам өмүрү түккө турбай калгандыгы таң калтырат…. Түрмөлөрдү ачып, туткундарга мунапыс берип, жеңиштин ээси коммунисттер үлгү болушу керек эле”. “Кеп коммунизмде эмес окшойт, ошону аткаруучу инсандардабы деп ойлоп калам” (318-б.). “Өлүм – баарынан оңой кутулуу! Өмүр – жаңы аткан таңды аман тосуу! Башка кымбат эч нерсе жок” (402-б.). “Доорумдан эрте туулуп, өзүмдөн өзүм качып жүргөн жан белем!” (415-б.). “Эр мекени – туулуп-түшкөн жер, ит мекени – жугунду ичкен жер!” (477-б.). “Өч алуу саясаты ушу бойдон кала берсе, бул жашоодо жүз көрүшпөй өтөрбүз” (Сатардын уулуна жазган катынан) (509-б.). “Жер жүзүндөгү бардык улуттар, элдер, мамлекеттер ушундай ар тараптуу гармонияга жеткенде гана согуш токтойт. Аларга диний, экономикалык, маданий чек ара жана башка толуп жаткан кызыкчылыктар жоюлганда, тынчтык келиши ыктымал” (616-б.). “Жеңиш үчүн эмес, согушту болтурбай калыш үчүн жанды курман кылыш керек” (629-б.). Автордук аналитиканын жогорку деӊгээлин бул саптар ачык айгинелейт.

Улут сыймыгы, белгилүү манастаануучу агайыбыз Самар Мусаев дайыма “Жакшыны жакшы деш керек” деп көп айтчу экен. Чынында эле китептин автору нары таланттуу, искусствонун башка тармактарынан да жеткилең кабары бар, ал гана эмес, экономикалык маселелерди, финансы, архитектура курулуш, сүрөт, музыка, мамлекет аралык дипломатиялык маселелерди жетик түшүнө билген, сөздүн толук маанисинде эрудит экени да чыгармасында сүрөттөгөн маселелерден айкын байкалат, кубанарлык көрүнүш! Мындай дегендик романда таптакыр эле кемчиликсиз, сыдыргыга салгандай жазылган деген кеп эмес. Менин көзүмө чалдыккан мүчүлүштүктөр азырынча булар болду:

Романда орус полковниктери “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору боюнча саймедиреп, алардын советтик идеологияга жат экендиктерин сөз кылышат. Бул кантсе да чындыкка дал келбей турат. Дагы бир учур, романга кыргыз дүйнөтаанымынын мотиви кирип кеткен. Эриканын атасы Сатар менен таанышып жатып анын кайда болорун, кайсы уруудан экени тууралуу сураштырып кирет. Ошондой эле автор Сатарды “1943-жылы, 17-сентябрда Адольф Гитлердин өз колунан офицердик “оберштурмфюрер сс” чинин алган 1-жоокер” деп жазат. “Кайсы эмгеги үчүн?” деген суроо ачык калган.

Жогоруда айтылган азыноолак ойлорубузду жыйынтыктасак, мурун кийин адабий чөйрөгө белгисиз болгон жазуучу Ишен Алмамбетовдун “Бет-Алман” тарыхый даректүү романы – азыркы кыргыз прозасында идеялык-тематикалык, проблемалык, көркөм-эстетикалык жагынан караганда да, төгөрөгү төп келген чыгарма. Анда биринчи жолу “Өлбөстөр” полкунун катарына кошулбай калган кыргыз жоокерлеринин апаат Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилиндеги баштан кечирген карама-каршылыктуу оор тагдыры, азап-тозоктору жалпыланып романдын негизги каарманы, Ата Мекенинин чыныгы уулу, бийик адамгерчиликтүү, гуманист, чындыгында да тарыхта жашаган, бирок да бүгүнкү күнгө чейин тарыхтын бүктөм барактарынын артында унутта калган Сатар Алмамбетовдун образында жалпылаштырып берилген. Согуш майданында Брест чебин коргоодо душмандын колуна түшүп, 5 жылы Германиянын, 11 жылы СССРдин өзгөчө режимдеги концлагерлеринде оор жашоону башынан өткөрүп, өмүрүндө бир гана улуу максаты Ата Мекени, туулуп-өскөн жери Кыргызстанга келгени менен “Саткын” ширмасы алынбай, “Сталиндин №270, 1941-жылдын 16- августундагы “Немецтерде биздин туткундар жок, саткындар гана бар” деген приказынын азабынан, сагынып, зарлап, “саткын” атын актайын деп келсе да “өз элинде жат болгон” Советтик жоокердин облигин кыргыз элинин тарыхында, маданиятында тургузду. Китеп көптөгөн ойлорго, согуштук тарыхыбызды кайрадан кароого жем таштады.

Дагы бир айта кетчү маанилүү кыстарма: Сатар Алмамбетов Улуу Ата Мекендик согушта Советтик батальондун өзгөчө бөлүгүнүн начальниги, офицер, коммунист гана болбостон, өз мезгилинин өтө билимдүү интеллигенти, чыгармачыл жөндөмгө ээ инсан болгондугу (анын “Кулан мерген” поэмасы 1941-жылы Казанда басылган. – Л.Ү.). Ага кошумча ал согушка чейин эле 1940-жылдары Москвада үч ай кызыл командирлер мектебинде окуп, аскердик билими болгон. Согушта туткун болуп Польшадагы Освенцим концентрациялык туткундар лагерине жөнөтүлгөн, ал жерде Москвада чогуу окуган Мустафа Шохай аны таанып, ким экенин душмандарга ачыктап, кийин “Түркстан Эркин мусулмандар мамлекетин куруу” демилгелүү уюму менен кызматташууга чакырат. (Сатар, албетте, бул сунуштан баш тарткан). Ал ошол учурда Фюрердин “Менин күрөшүм” аттуу зобололуу чыгармасын түрк тилине которуп жатканын шылтоолоп кутулат.

Согуш туткуну кезинде “Түрк легионунун” жаӊы Түркстан комитетинин адабий-илимий комитети иштеген. Сатар Бет–Алмандын башкы редакторлугу менен “Семетейдин Ала-Тоого кайтышы” 1-китебин Берлин шаарында 1943-жылы жарыяланган экен. Чыгармада Сатар бала кезинде Константин Юдахинге жолукканы тууралуу да эскерилет.

Кыскартып айтканда, Сатар Алмамбетов өз мезгилинин тарыхый, согуштук, маданий турмушунун чок ортосунда жашаган чоӊ фигура, чоӊ инсан болгондугун жогорудагы фактылык материалдар тастыктап турат. Автор романда каарманын ушундай мезгил, мейкиндик айлампасына коюп, анын Адамдык, Атуулдук тарыхый бейнесин мүмкүн болушунча жасалмасыз, реалдуу, чындыктуу сүрөттөөгө жетишкендигин баса белгилегим келет. Ал каарманын мактап-жактап, субьективизмге да кетпептир. Сатар Алмамбетов тууралуу акыркы ой корутундуну чыгарууну окуучусуна калтырат.

Акырында айтарым, автор өзү да билип-билбей бул романын жазуу менен, биздин тарыхыбыздын эстен чыккыс маанилүү даталарына, менимче, чоӊ белек жасаганын эстегенибиз оң. Өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу республикабыздын 100 жылдыгы белгиленди. Быйыл, кудай буюрса, Улуу Жеӊиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн алдында турабыз. “Бет-Алман” романы – ушул тарыхый даталарды мазмун-маанилик жактан толуктап, байытып турган олуттуу чыгарма! Ал кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн келечеги кеӊ экенин тастыктап, окурманга зор үмүт берет!

Романга ак жол, автору Ишен Алмамбетовго чыгармачылык жигер, ийгиликтерди каалайм!

Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору, профессор. 12.04.2025

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top