
Борбугулов
(эссе)
(1-бөлүк)
Умереть – это еще не всё.
(Э.Хемингуэй)
Алгач каарманым тууралуу учкай сөз: Мухтар Борбугулов – филология илимдеринин доктору, профессор, адабият теориясы боюнча кашкөй адис; Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, тамсилчи, драматург, акын; бул дүйнөдө өзү эле жалгыз бардай, эч кимди теңсинбегендей көрүнгөн инсан.
Мен агайдын сүрөткерчилик чеберчилигине, илимпоздук жана окутуучулук ишмердүүлүгүнө илик жүргүзгүм келбейт, бул – кызылдай мээнетти талап кылчу өзүнчө маселе. Болгону үзүл-кесил болсо да арбагы бийик агайым жөнүндө бир эскерип коёюн дедим.
Ар жалгыздык башта бар болсо да, ким болбосун жалгыз жашай албайт эмеспи: ар бирибиздин өз чөйрөбүз, жакшы санаалаштарыбыз, тели-теңтуштарыбыз бар го. Борбугулов агай да өзү жалгыз өмүр кечирген жок. Бир гана арман – Борбугулов баш болуп негизги каармандарымдын азыр көздөрү жок – чым жазданып кара жер астында жатышат. Мен бул эссе-эскерүүмдү арбактардын чок ортосунда отуруп алып жазып жаткансыйм; мени да кепке илип кетер бекен дегенсип, ар бири мени үмүттүү карап тургансыйт…
*****
Студентпиз. Аны баары Борбугулов дешчү. Өзүнө кандай кайрылышчу билбейм, а көзү жокто бирге иштешкен кесиптештери да, лаборанттар да, жогорку курстун студенттери да – баары бирдей Борбугулов дешчү. Баса, кесиптештери Борбугулов дешкенде, алардын доошунан, ырай-кешпиринен кандайдыр бир чочулоо, жактыра бербөө даана туюлуп турар эле. Ушундан уламбы, мага ушул Борбугулов деген фамилияда кандайдыр бир сыр катылып жаткандай сезиле берчү. Бул кишини көрө элегимде эле, мен андан сүрдөй, а түгүл чочулай берер элем.
Анын атын тике айткан адамды учуратканда селт эткеним эсимде. Анда мен университетте жаңыдан эле иштей баштагам. Жээнбай агай (Жээнбай Мукамбаев – чыгаан тилчи-окумуштуу, профессор) экөөбүз коридордо баратканбыз, алдыбыздан Борбугулов карпа-күрпө чыга калды да, саламга келбей эле:
-Жерди жемире баскан Жээнбай… – деди.
-Ай, Мухтар, – деди Жээнбай агай күлүп, – мен азыр бир сөз айтсамбы, сенби…
-Койдум, Жеке, койдум, – деди ал бир колу менен бетин калкалай, – мен койдум. Мына…
Ушинтти да, шарт бурулуп, кафедрасына кирип кетти. “Бу деле кадимкидей эле киши го…” – деп мен аны таңдана карап калдым.
*****
Өйдөдө айттым го, агай эч кимди теӊсинбегендей көрүнчү деп. Мунусун алик алышканда да байкап калчубуз. Алдынан чыга калып салам айтсаң, сени карар-карамаксан болуп, башын ийкегилеп койчу да, күлүмсүрөмүш болуп:
-И жакшы, жакшы…
Ушинтчү да, адатынча колун артына алып, жер караган тейде сапарын улачу.
Танапис учурунда айрым агайлар корпустун бурчунда сүйлөшүшүп, чылым чегишип туруп калышчу. Буга кээ бир студенттер да кошулушар эле. Агайды бурчтан да, коридордон да кимдир бирөөлөр менен чер жазыша сүйлөшүп турганын учуратчу эмеспиз.
Чогулуп тургандарды көргөндө, дагы эле турган экенсиңер да дегенсип, сырдуу күлүмсүрөй башын ийкеңдетип өтүп кетчү.
*****
Мына ушул агайыбыз акыркы курстан адабият теориясы боюнча дарс окуп калды. Күтүп отурабыз. Жүздөн ашык студент. Агай кантип кирди, биз кантип учураштык – бул менин эсимде жок. Лекциясын окуп келатып эле, Гегелдин эстетикасына жеткенде:
-Муну силер баары бир түшүнбөйсүңөр, – деди бизге карап, мыйыгынан жылмая. – Ошентсе да айтып берейин…
Окуп кирди. Башкаларга билбейм, мен агайдын лекциясын угуп отуруп, башка дүйнөгө кабылып калгандай болдум. Айткандарында кандайдыр сыр катылып жаткандай, ошол сыр өзүнө тартып чакырып жаткандай, чакырыкты агайдын акырын чыккан үнү коштоп жаткандай болот. Түшүнүп жаткандай болосуң, ошол түшүнүп жатканыңа өзүң ишене бербейсиң…
Аңгыча арттан бир студент:
-Агай, сиздики бизге таптакыр угулбай жатат. Катуураак окусаңыз, – деп калды.
-Ой, менин болгон үнүм ушу. Мындан артык катуу окуй албайм.
Ушул маалда, ушундай кырдаалды атайы күтүп жаткансып, кайсы бир маселе менен медицина кызматкерлери кирип келишти да, агайга сураныч менен кайрылып калышты. Агай сүйүнүп кеткенсиди:
-Ой, анда мен да чыга турайын, силерге тоскоол болбой… – деди да, кагаздарын жыйыштырып, чыгып кетти.
Ушу бойдон агай кандай лекцияларды кандайча окуду – менин эсимде калбаптыр. Бирок экзамен берген күнүм толук эсимде. Ушул күнү мен, негедир, кадимкидей эле ооруп калдым. Өзүмдү оор сезип, окугандарымдын баары башымдан учуп кеткендей. Баарын унутуп койгондоймун. Ушундай чоо-жайымды айтып, деканыбыз Сансызбай Иманалиевге кайрылдым:
-Агай, экзаменге эртең башка группа менен эле кирейинчи.
-Анын балакет-салакети көп!.. – деди Сансызбай агай, так секирип, – справка-сысправка дегени болот. Кой, бүгүн эле кир. Борбугулов десе эле баарыңар корко берет экенсиңер, ал – жакшы киши. Ким экениңди бир көрүп эле билип коёт. Бар, эч бир коркпой тапшыра бер.
Арга жок, экзаменге кирдим. Негизги суроо орус эстеттеринин көз карашы болсо керек эле. Агай менен жаңыдан эле иштей баштаган Лайли Үкүбаева эжей (азыркы илим доктору, профессор) сурай башташты. Экөө катарлаш отурушат. Мен Лайли эжеге туш келип калдым. Эже суроолорду жаадырып, мени жакшы эле эзип жаткансыды. Агай башка бир студентти сурап жатты. Көзү ошол студентти караганы менен, менин жоопторума да кулак салып жаткандай туюлду. Улам-улам башын ийкегилеп коёт. Кашындагы студенттин жообунабы, же меникинеби – билбейм. Акыры эже сурап бүттү да, сиздин да сурооңуз барбы дегендей, агайды карап калды.
-Мен түгөл уктум, бир кулагым менен. Каалаган баасын… – деп койду, сөзүн бүтүрбөй.
Эжей “эң жакшы” деген баа коюп берди, мен эдиреңдеп чыгып кеттим.
Ушу жерге бир кыстырма кошо кетким келет. Жакында эле Лайли эжеге жолуктум; анын мага «беш» койгону эсинде экен. А түгүл ошол күнкү экзамендеги түркүн түстүү окуяларды эсине түшүрүп, өзүнчө бир жадырап жыргап алды. Мен азыркы жетимиш беш жашар эжеден ошол күнкү жайнаган гүлдү эске салган жапжаш сулууну көрүп турдум. Мен да, негедир, өзүмчө эле кубандым. Анан агайды эскерүүгө өттүк; эже ошол кездеги назик үнү менен бир төгүлүп алды:
-Анда, эмне, жашпыз, анын үстүнө ишке жаӊы орношуп, Москвадан жаӊы эле келип, чамгарактап турган кезибиз. Бир кезде толмочунан келген бир кыз мага жооп бере баштады. Белеттеги суроолордон четтеп, капкайдагы эле талааны айтып жатат. Чыдай албай кеттим да, агайга кайрылдым:
-Агай, бу суроого жооп бербей эле, талааны айтып жатат.
-Сен, кызым, – деди агай, тике эле кызга кайрылып, – талааны айтып жатасыӊ, бирок тарсылдатып айтып жатасыӊ, сен деректир болосуӊ!..
Канча койгонубуз эсимде жок, айтор ал кулаган жок. Жыла басып чыгып кетти. Кийин-кийин, БГУда декан болуп иштеп жүргөндө, бир кыз коридордон жолугуп калып, куду эски тааныштардай:
-Саламатсызбы, эжей жакшы жүрөсүзбү, – деди жадырай. –Апам сизге салам айтып кой деди эле. Сиз апамды окуткан турбайсызбы.
Кызды карадым, кимдир бирөөгө түспөлдөшүп турат. Шыдыр эле баягы «талаа» көз алдыма тартыла түштү.
-Апаӊ деректирби? – дедим негедир шашкалактай.
-Ооба, он жылдан бери мектепте директор болуп иштейт.
Анан сураштыра келсем, чын эле баягы агай айткан «деректир» экен. «Кызык, – дедим, анан өзүмчө. -Агай чын эле таап айткан экен да. Көзү ачыктык касиети да бар го, сыягы…»
*****
… Көп өтпөй эле университетти аяктап, мен ушул эле окуу жайда иштеп калдым. Кафедрабыз агайдыкы менен катарлаш эле. Жолукканыбызда учурашып калам, баягындай эле:
-И жакшы, жакшы… – деп коёт.
Мени таптакыр көрбөгөндөй, тааныбагандай. Башка агай-эжейлер болсо: “Ой, сен кайдан?.. Эмне, университетте иштеп калдыңбы? Мына, кечээ студент элең, бүгүн болсо биз менен тең жарышып… Азамат!..” – деп көңүлүмдү көтөрүп кетишет.
Заматта эле жарым жыл өтүп, кышкы семестр башталып калды. Мурда билинчү эмес – тим эле кымкуут түшүп калат экен. Койлорго козуларын жамыратып жибергендей эле ызы-чуу. Козулар энелерин таппай, энелери козуларын таппай эле безилдеп жүрүшкөнсүйт. Деканыбыз Сансызбай Иманалиев агай тим эле безбелдек атып жүрөт. Борбугулов агай өзгөчө безилдетти окшойт. Сессия аяктап баратат, ведомостторду убагында жабыш керек. “Борбугулов экзаменге келе албайм деп жатат, ооруп калган имиш… Эми эмне кылабыз?. Жарыктык десе…” Жолуккандардын баарына даттангандай ушул сөзүн айтат да, Сансызбай агай кыжаалаттана коридордо аркы-терки басып жүрөт. “Ага эмне туталанасыз, бүтпөгөн да иш болчу беле. Бүтөт баары!..” – деп жылмаңдай ишенимдүү айтып, орун басары, жаш агайыбыз Искендер Исамидинов (азыркы илим доктору, профессор) жүрөт, агайга көңүл айтып, же жүгүрүп баратканы, же токтоп турганы көзгө илешпей. Кыйыр-сыпыр түшүп жаткан күндөрдүн бир күнүндө Борбугулов агайдын өзү келип калды. Чын эле сыркоолоп калыптыр. Экзамен алууга дарамети жетчүдөй эмес. (Анда көпчүлүк мугалимдер бир эле студентти бир далайга сурашчу эмес беле!) Борбугулов агай өзүнүн ушундай ал-акыбалын айтып, коридордо жай басып кетип бараткан. Артынан Искендер агайыбыз шыпылдай басып, жетип барды да:
-Агай, андай болсо, сиздин экзаменди башка мугалимдер деле ала бербейби… Ведомостторду жабыш керек… Болбосо, бизди атып…
-О, кокуй күн о-ой, сенин башка мугалимдериң эмнени түшүнмөк эле!..
Ушинтти да, басып кетти. Искендер томсоро түштү да, анан колун шилтеп, жагымдуу да, сырдуу да жылмайып койду.
Ар бир адамдын өз жолу болот окшойт. Биз ошол жолду таппай, анан ошол адамга жетпей кыйнала берет окшойбуз. Борбугуловго кетчү жолду таба алган анын кафедралашы, мүнөзү да, жүрүм-туруму да Борбугуловго каршы келген Сапар агай (доцент Бегалиев) эле, ушул адам гана Борбугуловго: “Муке” – деп кайрылчу. Искендер агайыбыз ушул Сапар агайга жетчү жолду таап, эптеп көндүргөн көрүнөт, ал эми Сапар агай так түйүлүп секирип жаткан Борбугулов агайды жоошуткан окшойт, эртеси экзаменди ушул Сапар Бегалиев агайыбыз алып, ошол группаны бакытка бөлөгөн эле. Бөлөгөнү ушул – эч кимиси кулаган жок, көбү “жакшы”, “эң жакшы” деген бааларды алышты.
*****
… Филология факультетинин Окумуштуулар кеңеши өтүп жатат. Анда орус филологиясы менен бирге болчубуз. Жыйындар орусча өтчү. Бир мезгилде Борбугулов агай да сөз алып, каралып жаткан маселе жөнүндө эмес, көптөн бери ачтыра албай жүргөн Диссертациялык кеңеш тууралуу айтып кирди:
-Мен Москвага барганымда, бул маселе боюнча Академияга да кирдим, ВАКка да кирдим, Министерствого да кирдим…
Ушу жерге келгенде, профессор Токтосун Акматов агай чыдай албай кеттиби:
-Министерствонун бул жерде кандай тиешеси бар?! – деп корс этти. (Токтосун агайдын акырын сүйлөгөнү деле катуу угулчу.)
-Туура, туура… – деди Борбугулов агай башын ийкегилеп. – Министерствонун тиешеси жок. Бирок мен тиешелүүлөрүнүн баарына кирип чыктым.
Агай сөзүн бүтүп, ордуна отурду. Башка маселелер талкуулана баштады. Арадан бир саатка чукул убакыт өтүп кетти. Бир маалда Борбугулов агай чочугандай башын Токтосун агайга шак бурду да:
-Сен эмне кыйкырасың мага!.. – деди ызалана, болгон үнү менен.
Баарыбыз селт эте түштүк.
-Кудай урбадыбы, – деди Токтосун агай, алаканын жая, – мен сага качан кыйкырдым?
-Жаначы, мен сүйлөп жатканда…
-Мен кыйкырганым жок. Болгону, болгонун айттым да. – Кичине тынып алды да, айлана бир карап алып. – Андан бери бир сааттан ашык убакыт өтүп кетти го…-деди, ийнин куушура күлүмсүрөй.
Биз баарыбыз жапырт күлүп жибердик. Ошентип, жыйыныбыз да күлкү менен бүттү көрүнөт.
*****
Антип-минткиче эле, кайра куруу (перестройка) кирип келбедиби, аны ар ким “Алибек алына жараша” дегендей кабыл алды. Ич ара тирешип жүргөндөргө кудай берип салды. Өскөн байкенин (Даникеев) стилине салганда, аны айтканда не, айтпаганда не, айтор ошол күндөрдүн биринде агайдын сабагына жоон топ текшерүүчү кирип калат. Ошол сабактын аягы мындайча жыйынтыкталды деп, илим доктору, профессор Бектурсун Алымов агай айтып калар эле (катышуучулардын баары ушу Бектурсун агайдын корутундусун колдошуптур):
-Муке, – дедим Борбугуловго, – чын ниетимден айтып жатам, адабият теориясын сизден кыйын билген эч кимибиз жок, бүгүнкү дарсыңыз да муну далилдеп турат. Бирок сиз ошол билгениңизди студенттерге жеткире албай жатпайсызбы. Же жеткиргиңиз келбейби – муну мен билбеймин. Дегинкиси сизде педагогдук чеберчилик…
Ушу жерге жеткенде мен чыдай албай:
-Анан ал эмне деди? – деп сурап жибергем.
-Албы? – деген Алымов агай өзүнүн жагымдуу коңур үнү менен. – Ал деген: “Бек, билесиңби, сен алкашсың!” – деди.
Ушинтти да, Алымов агай карсылдап күлдү. Мен да күлүп калдым.
Ушундан үч-төрт күн өтпөй эле, басмадан Алымов агай менен кайрадан кездешип калдым.
-Бейшеке, кечээ баягы Борбугулов коридордо жолугуп калып, мени атайы токтотуп туруп: “Бу Бек, деги сен азаматсың!..” – деп колумду кысты, – деди жадырай. – Бая талкууда, “алкашсың!” – деп ачуусу келгенинен эле айткан эле, мында чын жүрөгүнөн айтты окшойт. Жүрөгүм кадимкидей сезди.
Алымов агай жаш баладай кудуңдап сүйүнүп турду. Мен да сүйүндүм. Көп өтпөй Борбугулов өз каалоосу менен иштен бошоп кетиптир деп угуп калдык. Чын эле, “Кыргыз энциклопедиясына” башкы редакторлукка кетиптир.
*****
Ал мезгилде диссертанттардын көкөйүнө көк талкандай тийген бир маселе бар эле. Ошол маселе кворум эле. Бул жерде эски жараны чукулап, жүрөктү канатып отурбайын, Борбугулов агайга тийиштиги барларына гана токтолоюн. Агайды жыйынга алып келиш тозок эле. Ошентсе да эптеп алып келишчү. Келгенден кийин жыйында кандай отурчу эле, талкууга катышчу беле, жыйын бүткөнчө чыдап отура алчу беле – мен муну билбеймин. Ошентсе да өзүм күбө болгон бир жолку жыйындагы көрүнүш бул суроолордун башын ачып берүүгө аздыр-көптүр көмөктөшөт деп ойлойм.
Агайдын өзүнүн аспиранты Абдыкерим Абдразаков (азыркы илим кандидаты, профессор) кандидаттык ишин жактап калды. Кеңештин мүчөлөрү биринен сала бири келүү барагына кол коё башташты. Борбугулов агай да кол койду. Анан өзүнүн диссертанты сүйлөй баштаганда эле ордунан турду да, “мен азыр…” – деп угулар-угулмаксан шыбырап алып, акырын жыла басып, эшикке чыгып кетти. Өңгөлөрдү билбейм, мен качан кирер экен деп күзөтүп эле калдым. Жактоо аяктап, Абдыкерим агай акыркы сөзүн:
-Өзгөчө илимий жетекчим, профессор Борбугулов агайыма… – деп айтып жаткан учурда эшик акырын ачылып, агайдын башы кылтыйды.
-Ырас маалында келген экенмин да, – деди Борбугулов агай жылмая, – болбосо, мага деген ыраазычылыгын укпай калмак экенмин…
Ушинтти да, диссертантка карап уланта бер дегендей башын серпип алып, ордун көздөй жөнөдү.
Эмне үчүн агай жыйынга катышкысы келчү эмес, катышса да, чыдап отура алчу эмес – бул мен үчүн табышмак. Ошентсе да мунун бир себебин мен боолголоп тапкандай болдум окшойт. Ал себепке кийинчерээк өзүнчө токтолуп өтөрмүн.
*****
Эми агай экөөбүздүн “Арашан” доорубуз башталат. “Арашан” – Жазуучулар үйү. Кайра куруу, буга ылайык каатчылык башталганда, Жазуучулар үйүнө барчулар өтө сейрек тартып кеткен. Бир жолу мен, илим доктору, профессор Салижан Жигитов, анан Борбугулов агай үчөөбүз барып калдык. Агай Мукамбет пайгамбардын өмүрү жөнүндө баяндаган, тышы шумдуктай жалтырак китепти кетер-кеткенче колунан түшүрбөй алып жүрдү. Кээде бөлмөбүздөн чыгып, бак-шакка чөмүлгөн тасма жолдо аркы-терки басып калабыз. Салижан агай менен тез эле сырдана болуп кеткен элем. Бир жолу:
-“Сынган кылыч” мыкты жазылган ээ, агай, сиз кандай дейсиз? – деп калдым Салижан агайга.
-Ие, курусун, анын деле кемчилиги толтура!.. – деп колун шилтей, ындынымды өчүрүп салды.
Ошондон кийин мен Салижан агайдан четтеп, Борбугулов агайга ыктап кеттим. Агай жолуккан сайын:
-Ушунун эле аягына чыга албай койдум, – дейт баягы жалтырак китебин көрсөтүп. -Бөлмөдөн деле окуйм, отуруп алып деле окуйм, жатып алып деле окуйм. Деги эле аягына чыга албай койдум. Тээ суу жээгиндеги таш үстүнө отуруп окуп көрөйүнчү…
Бирок көп өтпөй эле кайра келчү. “Күн чакыйып окутчудай эмес”, – деп койчу актангандай. Ушундай күндөрдүн биринде мен агайга, негедир, агынан жарыла кеттим:
-Ие, агай, бу мен докторлукту жазам деп эмнеге убара болом… Жазуучулугум эле жетпейби… Же тигинден жок, же мындан жок…
Агай мага жалт карады да:
-Кой! Антпе!.. – деди чок баскандай секирип. – Биринчиден, замандын сурун көрүп турасың, жазуучулугуң сени мындан ары бага албайт. Экинчиден, мен сенин тил жөнүндө жазгандарыңды окуп жүрөм го, докторлук сенин колуңдан келет. Үчүнчүдөн, докторлук теманы сен бирөөнүн айдак-көрсөтмөсү менен тандап алган жоксуң да, буга менин көзүм жетип турат, анан орто жолдон таштап салсаң, өмүр бою өкүттө өтөсүң. Баарынан ушул жаман… Оо… Жаман…
Мага суроолуу, муңайым тигилди, мен түшүнүп-түшүнбөй башымды ийкегиледим. Анан эле агай тык токтоп, ойлонгонсуп туруп калды да, чечиле баштады:
-Бу Кирешени айтам, – деди таптакыр ойго келбеген нерсени айтып, – Иманалиев Кирешени. Дурус адабиятчы. Кезегинде мени окуткан. Адабият деле жакшы болчу. Бирок негедир педагогика боюнча доктор болуп алды го. Ошол Кирешени айтам… Баягүнү ойлоп-ойлоп отурсам, ошо Киреше деле илим доктору болуптур, профессор болуптур. Мен деле доктор болуптурмун, профессор болуптурмун. Эч бир айырмабыз жок… – Мыйыгынан жылмая, өз сөзүн өзү коштогондой “ооба” деп акырын шыбырап койду да, үндөбөй калды. Эмнени айткысы келип жатат деп, мен аңырая тиктеп калдым. – Эми ошол Киреше кандай жүрдү да, мен кандай жүрдүм?! – Аргасы түгөнгөндөй, башын чайкап. – Киреше жүргөндөй жүрдү: кааласа – ичти; кааласа – ойноду. Жаштыгы эмнени талап кылса, дал ошондой… А менчи… Менде деле мүмкүнчүлүктөр болду дечи, бирок… – Өзүнчө кобурай кетти. – Ойноду, ичти… Мен болсо тиштенип… А жыйынтыгында эмне, жыйынтыгында, Киреше деле доктор, профессор; тиштенген мен деле доктор, профессор. Кызык… – Мени карап, ойлуу. – Маркстыкы туура экен да, мезгилден өткөн душман жок деп. Ар бир учурду ошол учур талап кылгандай өткөрө албай калсаң… – Эки алаканын жайып, күлүп койду… – Эми болору болду да…
Агайдын муңканган, бүлбүлдөп батып бараткан Күндү элестеткен кайрыгын угуп отуруп, Алымов агай айтып берген бир окуя эске түштү. Ал окуя дал ошондой болуп өткөнбү, же андай эмеспи – билбейм, бирок анда Борбугулов агайдын кептик элес-образы, стили бажырайып көрүнүп турат, ошондуктан кыстара кетейин.
Борбугулов агай менен философ, белгилүү коомдук ишмер Карыбек Молдобаев – экөө тээ бир жалындап турган кездеринде, университетте жаңыдан иштей башташканда, шампандан тоё ичишип, күүлдөп келатышкан болот. Анда теңселгендерди соолуктуруучу жайга терип кетчү эмес беле. Карыбек Молдобаев кандайдыр бир амал менен кутулуп кетет да, Борбугулов агай милийсалардын колуна түшүп калат. (“Башым, эс-акылым – баары эле өз ордунда турду, бирок кара басып бутум эле тушалып баса албай койбодумбу…” – деп кийин-кийин күлүп калчу дешет.) Бир түн соолуктуруучу жайда “эс алып” чыгат. Эки-үч күн өтүп-өтпөй жумушка келатса, бир кабинеттен Киреше агайдын күпүлдөгөн үнү угулат:
-Мени эле ичет деп бир парткомдо, бир профсоюзда тепкилеп жатып каласыңар. Тигине, силер көкөлөткөн Борбугуловуңар деле периште эмес экен го, аныңар деле соолуктуруучу жайга түнөп келиптир. Эми аны…
Киреше агайдын күпүлдөп жатканын Борбугулов агай түгөл угуп келаткан экен, дал ушул жерине келгенде, эч бир сыр билгизбей кирип келет. Киреше агай ушунчалык ийкемдүү, акылгөй жана нарктуу адам эле, ого бетер сыр бербей:
-Кел, Муке, көптөн бери көрүнбөй кеттиң го, кайда жүрөсүң?
-Ооба, агай, көрүнбөй кеттим. Сиз барган жерге биз да барып келдик, агай. Ал жердегилер көптөн бери Киреше Иманалиевич көрүнбөй кетти го деп сарсанаа болуп, сизди күтүп жатышат…
… Менин эсиме ушул окуя түштү да, эки колун артына алып, ойлонуп турган агайды карадым. Анан ушундан кийин Молдобаев экөө ичимдикти оозуна алышпаса керек деп ойлодум. Агай болсо башын жай көтөрүп, мени ойлуу карап:
-Бу кайра куруунун үзүрүнүн чет-бучкагын, балким, сен көрүп каларсың, – деди дагы эле ойго келбеген кепке өтүп, – а мен көрбөй калдым… Баягүнү Тетчер: “Англия эки жүз жылдан бери жете албай келаткан нерсеге бу Горбачев эки жылда жетем деп атыптыр”, – деп күлүптүр… – Тетчердин сөзүнө маашырлана күлүп алды да, кайрадан ойго чөктү.
Мен болсо кайра куруу башталганда “Комсомольская правда” гезитинин биринчи бетине бажырая басылган жазууну эстедим: “2000-жылга чейин СССРдин ар бир гражданини квартиралуу болот”. (Кандай “квартиралуу болдук” – жүрөктү канатып, аны айтпай эле коёюн.) Ушул эле маалда Италия коммунисттеринин “Правда” гезитинде СССРдин коммунисттерине багышталган кайрылуусу эске түштү: “Биз 200 жылдан бери каныбызды төгүп жетпей келаткан ырыскылардан силер өз ыктыярыңар менен айрылып жатасыңар!..” (Муну СССРди көрүп калгандар окуса, көбү кошок кошуп, ыйлары белгилүү…)
*****
Жөн эле жер сабай бергенде эмне, менин бул жолку “Арашандагы” сапарым жолдуу болду. Өмүрүмдөгү чоң бурулуш болду.
Докторлукту баштай албай, чайналып отургам. Туруп кетейин дейм – шылтоо таппайм. Так ушул маалда Салижан агай кирип келди да:
-Бейшебай, сен гезит окуйсуңбу? – деди чочугандай. Мен үрпөйө түштүм.
-Жок. Окубайм…
-Азаматсың!.. А мен гезитти тим эле жейм. Бул балакет ооруну кимден жуктуруп алганымды билбейм… Мына, он эки күн жүрдүм, эки беттик эчтеке бүтүргөнүм жок. Бүт – гезит окумай. Баса, сен бул китепчени китепканага тапшырып койчу. Жакшы повесть экен, өзүң да окуп кой. Биздикилер жаза беришет экен да…
Ушинтти да, биздин жазуучуларга нааразы болгондой, эшикти катуу жаап чыгып кетти. “Жакшы кал!..” – деген да жок.
Мен сүйүндүм. Салижан агай бир балээден кутултуп кеткендей болду. Араң турган жаным, кагаздарымды жыйыштыра салдым да, китепчени шып илип алып, кагаздарым кармап калчудай болуп, керебетти көздөй шуу койдум. Кыңкая жатып, окуй баштадым. Андреевдин повести экен, анча жаккан жок, анын үстүнө саясат аралашкан чыгармага табитим анча тарта берчү эмес. Китепчени жаздык үстүнө ыргыттым да, башымды көтөрдүм. Турат! Баягы жыйыштырып койгон кагаздарым турат!.. Негедир ордумдан туруп, кагаздарымды кайра жайып, ойлонуп отуруп калдым. Кызык, Борбугуловдун доошун уккансыдым. Эмне дегенин эмес, болгону доошун гана. Анан ырай-пешенеси элес-булас көрүнгөнсүдү. Ырай-пешенесин доошу коштоп жаткансыйт. Акыры экөө жуурулушуп, кандайдыр бир ишенимдин шооласын чачып кеткендей болду. Өзүм да жакшы билбейм, колума калем алыптырмын да, жүрөгүмдү да, мээмди да эзип келаткан докторлукту баштаган экенмин, бир кезде акыл токтотсом, бир жарым бетти шылып салыптырмын. Ушул бир бетке, бактылуу бир жарым бетке кийин калем учун бир да жолу кайра тийгизе алган жокмун, кандай болсо, дал ошондой кетти, а түгүл азыр да тийгизе албайм…
*****
Агай экөөбүз коңшулаш элек. Ал тамакка баратканда, дайыма мага эскертип өтчү:
-Оо, Бейшебай, жүрү тамакка, бизге мындай тамакты үйдөн эч ким бербейт!..
Бир күнү эртең менен тамактанып отурганбыз, агай, негедир, өзгөчө жайдары экен.
-Ал, Бейшебай, бу каймактан да алсаң, – деди жадырай, каймакты мени көздөй жылдырып – мындай тамакты үйдөн экөөбүзгө эч ким бербейт. Жок болсо, эмнесин бермек эле…
Агайдын айтканы чын эле. Анда катаал учур болчу. Ошентсе да бизди жылмая караган тамак ташыгычтан уялып, агай тамашалап жатат дегендей түр көрсөткөн болом. Аңгыча коңшулаш үстөлдө отурган Сооронбай Жусуев Борбугулов агайга жооп кайтаргандай эки сап ырды орусча айтып жиберди да, уктуңарбы дегендей тегерек-четин айландыра карап койду. Жакшы укпай жаткандай, бир кулагын Сокем жакка тосо:
-Ии, Сооронбай, – деди агай, өзүнө гана таандык жымыйган кыраат менен, – ушу ырды сен да билесиңби?..
-Билем!.. – деди Сокем ызалана. – Эмне, сен эле билет экенсиңби, бул Сергей Есениндики. Кезинде “Комсомольская правданын” биринчи бетине кеткен… –Эмне дээрин билбей, туттуга түштү да. – Сен да билесиңби? – деп!.. – Кебин улай албай, үндөбөй калды.
-Койдум, Сооронбай, койдум, сен да билет экенсиң…
Жарыктык Сокем өмүрү тамаша да, чын да сын угуп көргөн эмес окшойт, ашканадан чыгар замат:
-Жүрчү, Бейшен, – деп мени өзүнчө бөлүп алып, ары басты, – уктуңбу тигинин эмне дегенин, сен да билесиӊби деп атпайбы, өзүнөн башканы, эчтеке билбейт деп ойлойт да… – Дагы туттуга түштү да. – Өзүн жашмын деп ойлойт, кайдагы жаш, мунуң менден да улуу болсо керек, согушка барбайын деп жашын кичирейтип алган да! – деди да, көксөөсү суугандай бөлмөсүнө кирип кетти.
Кызык, түшкү тамакта агай Сокемдин үстөлүнө, болгондо да тике маңдайына барып отурду. Эчтеке болбогондой экөө бажакташып сүйлөшүп киришти. Аларды карап туруп, жылмая башымды чайкап, ичимден кайрып-кайрып алдым:
-Эх, чыгармачылык дүйнө, чыгармачылык дүйнө, сен не деген кереметсиң: сага ишенип да болбойт, ишенбей да болбойт…
*****
Карааны тээ алыстан эле калдайып көзгө илинген, ошондой калдайган караан, элеси менен көлдү толкутуп жаткандай сезилген, атактуу “Ак толкундардын” автору, чыныгы талант Жолдошбай Абдыкалыков өзүнүн зор келбетине карабай, куду жаш баладай мурчуя түшкөн, анан бажактап күлө кеткен кызык жан эле. Бир жолу “Арашанга” кечки тамак маалында барып калсам, ушул Жолдошбай байке кимдир бирөөгө таарынгансып нары-бери басып жүрүптүр. Мени көрө салып эле:
-Уят болдук!.. – деди бети-башын бырыштыра, саламга келбей. Башын чайкап-чайкап алды – Жаман уят болдук, киргенден уялып жатам!..
Мен үрпөйө карап калдым.
-Жана, түшкү тамак маалында эле, – деди Жолдошбай байке, бети-башын бырыштыра, – чаңырган үн чыгат. Тыңшай калсам ашкана жактан экен. Жүрөгүм шуу эте түштү. Кандай жеткенимди билбейм. Кирсем эле… – Бетин бырыштыра, башын чайкап-чайкап. – Жанагы Матиевчи, сынчы эмеспи, ошол Матиев эңкейип алып чаңырып жатат, үнүнүн ачуулугун айтпа! “Ой, саа эмне болду!..” – деп түрткүлөй салсам, сөөмөйү менен терезе жакты сайгылап, ого бетер чаңыра кетти. Карасам, – Сүкөм менен Борбугулов бет маңдай отурушчу эмес беле, – экөө туруп алып жакалашып жатышыптыр, ортодо Альбина (Сүкөмдүн байбичеси) жүрөт, экөөнү ажырата албай. Бери жакта Матиев чаңырып. “Ой, чаңырбай, ажыратпайсыңбы!” – десем, эки санын чапкылап ого бетер чаңырат. Бери жакта жардана тиктеп, повурлар турушат. Уялганымды айтпа, тим элеби…
Ушу жерден окуя куду азыр өтүп жаткандай көз алдыма тартыла түштү. Өзгөчө Сүкөмдүн бүрүшкөн манжалары. Анан мен ошол ачылып-ачылбай калган манжалары менен Борбугуловду жакалап жатканын элестетип, күлүп жибергенсидим.
-Бу сен күлүп жатасыңбы ыя?!. – деди Жолдошбай байке, таңдана.
-Жок. Мен жөн эле… Тиги манжалары…
-Эмне манжалары?.. – Үндөбөй калды да. – Эми минтип киргенден заарканып… Повурлардан уялганымды айтпай… Жүрү, сен баштап кирчи…
Мен алдыга түштүм, Жолдошбай байке ээрчип алды. Кирсек – Сүкөм, Борбугулов, Альбина эже үчөө баягы эле терезенин түбүндө, баягы эле үстөлдө бажакташып сүйлөшүп, күлүп-жайнап тамак ичип отурушат.
Жолдошбай байке аларды олурая бир карап алды да, өзүнчө күрсүнө кетти:
-Эх, силер!.. Жолуңар болсун!..
Ушинтти да, ары көздөй өтүп кетти. Мен болсо бир жылмайып алдым да, баягы сөзүмдү ичимден кайрадан кайрып-кайрып койдум:
-Эх, чыгармачылык дүйнө, чыгармачылык дүйнө, сен не деген кереметсиң: сага ишенип да болбойт, ишенбей да болбойт….
*****
Ушул окуядан көп өтпөй эле бир күнү негедир көңүлүм өзүнөн өзү эле чөгүп, табитим эч нерсеге чаппай калды. Бөлмөмдөн шашылыш чыктым да, эч суроо-сопкутсуз эле агайдын бөлмөсүнө кирип бардым.
-Ии, кел, кел… – деди агай, мени эле күтүп жаткансып.
-Агай, – дедим мен, эчактан бери атайы даярданып жүргөнсүп, – кыргыз акындарынын эң кыйыны ким?!
Агай таңдангандай ормоё бир тиктеп алды да:
-Бизде дурус акындар көп эле, – деди эч бир токтолбой, – бирок … бирок бу Сүйүнбайга тең келе алчулары жок… Мен Эралиевди айтып жатам… – Кичине ойлоно калды да. – Эми пендечилиги, кишичилиги башка дечи… – деди табышмактуу.
Анан Сүкемдин көлдөгү кайык тууралуу бир ырын мисалга тартып, суктана кетти. Көрдүңбү дегендей мени суроолуу карап койду да, согуш тууралуу чакан ырларынан жатка айтып, суктангандай башын чайкай берди, а түгүл башка дүйнөгө сиңип кеткендей болду. А мени болсо, эмне экенин билбейм, бул ирет да негедир Сүкөмдүн бүрүшкөн манжалары көз алдыма тартыла калды. Анан анын айткандары кулагыма жаңырып, жашыгандары угулуп жаткансыды.
-Комузду жакшы чертчи элем, – деди Сүкөм, үнү дирилдей, – атам дагы чоң комузчу болгон. Менин манжаларымды согуш минтип курутуп кетти. – Сукем манжаларына тигиле карап, жашый кетти. – Бала чагымда атты көп чаптым. (Сукемдин чыканактай кейпин карап туруп, мен анча ишене албай турдум). Ат чабыш болсо эле, мени басып жыгылышчу, сен чапкын дешип. Анан…- согушта катуу жарадар болуп, оңурайган аң ичинде калдым. Мени өлгөн экен деп таштап кетишти окшойт. Ошондо бир казак: “Ой-бай, бул тирүү окшойт, мусулман экен, таштабайлы…” – деп аңдан алып чыгышкан эле. Эгер ал казак болбосо… (Бул жерде да бир жашып алды). Анан ошол казак менен бир госпиталга түшүп калбадымбы… Ошол казак бир күнү чочугансып минтип калды, эми ойлосом, көзү ачык окшойт: “Сүйүнбай, сен жакында айылыңа кетесиң, а мен болсо айылымды экинчи көрбөй калдым окшойт. (Дагы эле жашый кетти.) Ат чапчумун дебедимби, ушундан көп өтпөй, бир түш көрдүм. Не бир ажайып түш. Ошол ат чабышта биринчи келатам. Чочуп кетип, колумду карап коём. Колум баягы бала кездеги эле колум. Сопсоо. (Сукем колун бир айландыра карап алып, адатынча бир жашып алды.) Казактын айтканы, анан менин түшүм чын чыктыбы, көп өтпөй эле мени айылыма алып жөнөштү. “Айтпадым беле сен кетесиң, а мен болсо…” – деп казагым бозоруп кала берди. Анын кийинки тагдыры кандай болду – билбей калдым. (Дагы эле жашый кетти.) Согуш… Согуш… Кээде каның бир катыйт дейсиң, ылай суубу, чалчыкпы, жата калып шимиресиң, анан башыңды көтөрүп, эки жагыңды карай кетесиң, же сол жагыңда, же оң жагыңда ичи торсоюп өлүктөр жаткан болот суу ичинде. Ошол суудан ичип кантип тирүү калганбыз… (Дендароо боло жашып кирет.)
Мен ушуларды эстеп, анан Сукем, майдан талаасын кеп кылганда, согушпай эле коңулга жатып алып, согуш каармандарын сүрөткө тартып алгандай туюла берерине таңданып отурганда:
-Ал эми аялдардан! – деди Борбугулов агай өзгөчө шаңдуу, мени селт эттире. –Аялдардан… Бу Бүбүйнага (Бүбүйна Орузбаева, көрүнүктүү окумуштуу, академик) тең келчилери жок. Кайсы жерде, кандай жыйын-кырдаалда, кандай маселе болбосун, кыргыз атынан сүйлөй турган болсо, эч бир уятка калтырбайт. – Башын чайкай, суктана. – Кыйын катын!..
Акындарды сурасам, окумуштууну айтат да деп мен таң калганым да жок. Коштошконум да жок. Ай-буйга келбей эле, эшикке жөнөдүм. Агай, балким, таң калгандыр. Жок, суктана башын чайкоо менен алек болуп, таң калууга үлгүрө албай калды көрүнөт.
Кызык, сыртка чыгарым менен, негедир көңүлүм көтөрүлүп, сергек тарта түштүм…
*****
Түшкү уйкудан “кутулуп”, саат төрттөр чамасында, уйку-соонун арасында акырын кулак түрүп калсам, тырс-турс деген аяр добуш чыга баштачу. Мен шыдыр эле билчүмүн – Борбугулов дал ушул маалда өзү жалгыз бильярд ойной баштачу. Экинчи кабаттагы бильярд залында агай кийин шыкаалап атканы жаткан болот. Жанына келген мага назар бурчу деле эмес. Анткени ким келгенин туйчу. Мен үндөбөй көз салып турчу элем. Ал ичинен күбүрөнүп, жай ата берчү. Ташы түшкөн сайын, аа… мен билгемин деп сүйүнүп калчу. Акыры таштар азайып, мээлегенинен майнап чыкпай баратканда, кийди мага сунуп: “Ме, эми сен атып, моокумуңду кандырып ал, мага бүгүн ушул эле жетишет”, – дечү. Мен атып кирчүмүн. Аткан ташым же түшкөнү барып токтоп калчу, же теңирден тескери кетчү.
-Биздин айылда мен кичинекей чагымда бильярд бар болчу, – дечүмүн актангандай. – Эл кажы-кужу болуп, талашып-тартышып эле ойноп жатышчу.
-Ыя! – деп чочуп кетчү агай, – бильярд ойношчу дедиңби?
-Ооба.
-Сен кичинекей чагыңда элеби. – Оозун кыбыратып, санап жаткандай болду. Анан бир эсе таңдангандай, бир эсе сүйүнгөндөй. – Ой, сен анда цивилдүү, болгондо да өтө цивилдүү айылда өскөн турбайсыңбы!..
Мен үндөбөй суроолуу тигилчүмүн.
-Бильярд – бул цивилдүүлүктүн бир белгиси!.. – деп башын ийкегилей кетчү да, – кой, мен кеттим, мага ушул эле жетет, – деп жөнөп кетчү.
Мен таштарды өзүм билгендей жайгаштырып алып, кий менен улам бирин жайлап жатканда, Сокем кирип келчү да:
-Ой, сен кандай баласың, таштарды өзүң билгендей тизип алып. Мунун өзүнүн эрежеси бар да!.. – дечү кызаңдай.
-Эрежеси менен болгондо… Мен бирөөнү да түшүрө албай жатпаймынбы.
-Ой, бала, дегеле бир кызык бала экенсиң, канча какшап, көрсөтүп жүрөм, деле үйрөнө албай койдуң… – Мени аянычтуу карап туруп, өзүнчө шыбырап алчу. – Борбугулов деле тез эле үйрөнүп алды эле, сен эле…
Нааразы болгондой башын бир чайкап, таштарды, өзү айткандай, эрежеси менен тизе баштачу…
Сокемди карап туруп, өзүмчө шыбырап алар элем: “Чын эле, мен эмне үчүн таптакыр үйрөнө албай койдум? Кызык…”
*****
Кечте бир касиет барбы деп ойлоп кетесиң. Ким болбосун эшикке бир чыгып, күүгүмдү көргүсү келет. Балким, бул күүгүм алдындагы кандайдыр бир коркунучтур… Айтор күн бою ордунан былк этип койбогон кара сөз булбулу Орозбек Айтымбетов да ушул маалда узун коридордогу эски диванга көчүк басып, айнек дубалдан алды жакты телмире тиктеп отуруп калар эле. Кыялы кылымдарды кезген бул талант жанындагыларды эч бир элес алчу эмес. Бул дүйнө эмне үчүн жаралып калганына түйшөлүп, жан айласын таппай жаткандай. Дал ушул маалда дивандын берки четинде мен туруп калган болом, ушуну эле күтүп жаткансып, Борбугулов агайдын тааныш үнү угулат:
-Ии, Сооронбай, аркы-терки басып калган экенсиң да…
Сокем үндөбөй, олурая бир карап өтүп кетет.
-Көрдүңбү тигини!.. – дейт бууракандап. – Аркы-терки деп!.. Ары-бери дебейт, аркы-терки дейт!.. Бу сен эмнени билмек элең дегени да!.. – Мага суроолуу карап калат.
Мен үндөбөй, жылмайып коём.
-Эми, Бейшен, – дейт көп өтпөй жазыла. – Сени эртең шаарга чыгып келет экен деп уктум, барарың менен телефон уруп кой. Баягылардын баягысы түгөнүп баратыптыр де, жок, жок, түгөнүп калыптыр де… Калганын өзү эле түшүнөт.
Мен, түшүндүм дегендей күлүп, башымды ийкейм. Чын эле, мен илгиртпей түшүнөр элем. Бул – байбичесине айттырган салам дубайы.
-Ии, айланайын, – дечү Сокемдин байбичеси мээримин чача. – Сени дагы убара кылыштыбы, кечинде эле алпарып беришет тигилерин. Үйгө келип, чай ичип кетпейсиңби?
Мен бул кишини бир да жолу көргөн жокмун. Бирок телефондон сүйлөшкөн сайын, көз алдыма балпайган, мээримдүү эненин элеси тартыла берчү. Жүрөгүм кадимкидей жылый түшчү.
Менин макул болгонума ынанып, Сокем компоюп туруп калат. А бизди ары жактан билинбей жыла басып келген Сукем, бүтүштүңөрбү? дегендей, жымыя тиктеп турган болот. Дал ушул маалда күңгүрөнгөн күрсүнүү угулат:
-Алкаштар!..
Бул -кара сөз булбулу Орозбек Айтымбетовдун үнү. Сукем менен Сокем күрсүнүүнү угушабы, же угушпайбы, айтор экөө ээрчишип артка кетишет. Көп өтпөй Борбугулов агайдын жайдары үнү жаңырып калат:
-Ии, экөөңөр ээрчишип басып калган экенсиңер да! Жакшы… Жакшы…
-Алкаштар!.. – дейт Орозбек байке ого бетер ызырына мен жанына көчүк басарым менен. – Анан ким алкаш?! Мен алкаш! Бул экөө сүттөн ак! Ой, мен он эки ай кырк жылда бир ичем го, а буларың күн сайын бир бөтөлкөдөн!.. Бирөө – арактан, экинчиси – коньяктан!.. Анан ким алкаш?!. – Мага суроолуу тигилет.
Чын эле, Орозбек байкенин күйөрү да эп эле: ал үч-төрт айда бир барып гана “жоголуп” кетчү. “Жоголуп” жүргөн күндөрүндө эмненин үстүнөн чыгып жүргөнүн мен билчү эмесмин. Бир гана жолу кышында таңкы үрүл-бүрүлдө зым карагайдын түбүнөн карпа-күрпө кездешип калдым. Ошондо менден узай берип минтип айтканы кулагыма бүгүн да жаңырып турат:
-Катын албасам, болбой калды… Болбосо өзүмдү өзүм тыя алчудай түрүм жок. Мени катын эле тыя албаса…
Деген да, өз сөзүнөн өзү корккондой шарт бурулуп, сапарын улаган. Мен болсо жүрөгүм тилине узата карап кала бергем. Кара сөз жаатында тоо булбулу Токтогулду эске салган бу керемет талант жөнүндө келечекте көп-көп сөздөр болор. Болгону мен анын тирүүлүктө сейрек учураган бир касиетин белгилей кетким келет: тарыхты да, жаратылышты да көзүн жүлжүйтө жалооруй жана кесе тиктеген бул адамды эч ким жаман көрө алчу эмес!..
… Эки-үч күн өтпөй саат он бирлерде (бул маалда Сокем жазганын токтотуп, башка нерселер менен алектенип калчу эле) адаттагыдай эле Сокемдин бөлмөсүнө баш багам. Ал тоголок бөтөлкөдөгү аракты төрт бурчтуу жалпак бөтөлкөгө куюп жаткан болот.
-Кече кечинде жанагы уйгур күйөө балам алып келиптир… – деп коёт, ким келди деп башын өйдө көтөрүп койбой.
-Ай, байке, – дейм адатымча, – ушундай кантип болсун? Тоголок бөтөлкөдөн жалпакка куйганда, эмне, сапаты өзгөрүп кетеби? Жөндөн-жөн эле убара болуп…
-Сен бир шок бала экенсиң… – Нааразы боло башын көтөрөт. – Сен, нимне, убара болуп атасыңбы?
-Убара болгон деле жокмун дечи, бирок…
Мен мурчуя түшөм да, үстөл үстүндөгү гезиттерге асыла кетем:
-Тийбегин! Кандай турса, ошондой кой. – Сокем бөтөлкөлөрүн бекем мыкчып алып, кыйкырып жиберет.
-Ордуна койсом койдумчу… – Мен силкине чыгып кетем.
“Кызык, – дейм чыгарым менен таңдана… – Эмнеге жалпак бөтөлкөгө куят убара болуп… – Деги эле бул экөө эмне үчүн ичишет мас болбогондон кийин…” Чын эле, Сокем менен Сүкөмдүн мас, а түгүл кызымтал болуп жүргөнүн бир дагы учурата элек элем. Менин оюмду Борбугулов агайдын сырдуу суроосу бузуп кетет:
-Ии, Бейшебай, Сооронбайдан келаткан экенсиң да! Ал эмне кылып жатат?
-Жазып жатат.
-Ии, ии, жакшы, жакшы. Жазып жатса – жакшы. Сооронбай Сооронбай болуш үчүн дагы көп жазып, көп окушу керек…
Ушинтет да, өз сөзүнө өзү ыраазы болгондой башын ийкегилеп, сапарын улайт. Мен таңдана узатып кала берем…
*******
-Балдарың келбей калышты го? – деп калчу агай кээде чочугандай.
-Алар мен кетерде эле келишет да, – дейм мен күлүмсүрөй. – Жүгүмдү көтөрүшкөнү…
-Кайсы жүк?
-Китептерчи, кагаздар…
-Аа… – Ойлонуп туруп калат да, туура дегендей башын ийкегилей кетет.
Чын эле, келатканда сезилчү деле эмес. Китептеримди айтам. Кайтарда оорлоп кеткендей, өзүм жалгыз көтөрө албачудай туюла берчү. Бул оюмду агайга айтсам:
-Туура… туура… – дей кетчү ал сүйүнгөндөй. – Китептерде не деген ойлор жатат. А ойдон оор нерсе бар бекен!.. – Ойлуу туруп калат. – Анын үстүнө сен жаңы ойлорду да коштуң да…
Мага ойлор жабалактап жабышып алышып, салмактарын салып жатышкандай, китептерим, ойлорум эмес, мен өзүм оорлоп кеткендей сезилип кетет…
Агай балдарымдын тамак ичишкенин бир көрүп алайын деп, аларды атайы күтүп жаткандай (жүргөндөй) туюлуп кетер эле. Түшкү тамакты ичирмейинче, таптакыр кетирчү эмес. Балдарым уялышып, тарткынчыктаса да болбой, жетелеп жөнөчү. “Жеп, ичип ал, мындай тамактарды үйдөн бизге эч ким бербейт”, – деп мага күн сайын айтчу сөздөрүн балдарымдын көзүнчө бир да жолу айтпады. Алардын тамак ичип жатканына астыртан көз салып турар эле. Көз салбай эле, кандайдыр бир кусалыкка чөгүп бараткандай көрүнчү мага. Борбугулов жоголуп, бир гана элжирөө калгандай. Аны карап туруп, мен өзүм да элжиреп бараткандай болчумун. Башка бирөө балдарыңды чын жүрөгүнөн эзиле карап турса, ошол адам да, балдарың да көзүңө не бир сүйкүмдүү көрүнүп кетет экен…
-Жакшы балдар турбайсыңарбы, атаңарга жардам берген… Эми жакшы баргыла!.. – деп балдарымды (Мейкин менен Мелмилди) каадалуу кишилердей узатып калар эле.
Бизди артыбыздан кыйлага карап турчу.
Мага негедир агайдын маанайы пастай сезилип кетчү. Жүрөгүм туйлай, энтеңдеп келаткан балдарымды ого бетер шаштыра баштачумун…
Азыр да кээде энтеңдеп келатышкан Мейкин менен Мелмилдин, анан аларды бир эсе элжирей, бир эсе маанайы пастай узата карап калган агайдын элестери көз алдыма кадимкидей тартыла берет. Анан кичинекей балдарды ушунчалык жан дили менен кадырлай, сүйө билген адамда эч кимди теңсинбөөчүлүк мүнөз бар экенине ишенбей, башымды чайкай берем…
1-бөлүктүн аягы
09.04.25, саат – 12:44