Ай Көл

Сагын Акматбекова: Муңайым жымжырттык

Ай күнөөлүү

…Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз.
Өзүмү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: «сен күнөөлүү!» – десем эле күнөөнү шак мойнуна алганы турбайбы). Айтылбай турган сөздөрдүн айтылып, ачылбай турган сырлардын ачылып кетишине…
Албетте, Ай күнөөлүү.

Сентябрь, 1999

Арашандан ай толгондо кеттик

… Эртең кетебиз деген күндүн кечинде уулум экөөбүз аккан сууну бойлоп көпкө бастык. Көпүрөнүн үстүндө турдук. Аңтарылган сууну тиктедик.
…Альбина эже, Сүйүнбай ага калды. Комузду ырдатып, ыйлатып, сүйлөтүп черткен Санарбек агай калды. Чогуу олтуруп тыңшаган башкалар калды. Шамалдуу күүгүмдөр калды. Гүлдөр калды биз терген. Жолдор калды биз кезген. Көзүбүз менен башына жетип, бутубуз менен этегиндеги адырларга жеткен тоолор калды. Адырда жайылган уйлар калды. Бадачы калды. Сууга агып кеткен баласынын сөөгүн издеген абышка калды. Күн сайын тан аткандан кечке чейин талбай издеген абышка калды. Аркырап аккан сууну бойлоп, кошо издешкендер калды. Табылды бекен сууга аккан бала?
Таштар калды биз отурган. Теректер калды шуулдаган. Мажүрүмдөр калды буралган. Бүлдүркөндөр калды… Бир гана Ай калган жок. Биз менен кошо келди. Турат тереземдин тушунда. Өзүнүн асманында… Буларды окуган уулум: «А шаты каякта, шаты? Шаты менен ачкычты жазбайсыңбы», – дейт. Ошондо эстедим шатыны. Шаты менен чыгып, ачылуу турган терезеден кирип, ачкычы ичинде калып, бекилип, биз кире албай отурган эшигибизди ачып бергендер калды. Күүгүм кирер менен үйгө кирип, боздото чаккан бозтоголоктор калды. Алардын сырларын билип калгандан кийин күүгүм кирер замат айнек менен эшиктерди жаап алганга үйрөнгөнбүз. Ай калган жок. Биз менен ээрчий келди.
Арашандан бир сап да ыр жазган жокмун.

22.08. 1999

Ырлар

Жаңы жазган ырларымды кимдир бирөөлөргө окуп берсем, же гезиттерге чыгып кетсе, ошол ырларым такыр башкача көрүнүп калат. Меники эместей, чоочун боло түшөт. Кол менен жазып болуп, машинкага бир, бирөөлөргө окуп бергенде эки, гезиттерге чыкканда үч өзгөргөнсүйт. Отун жоготконсуйт. Кемчилиги да оркоюп көрүнөт. Баарынан жакшысы ырларымдын эч кимге окулбай, эч кайда жарыяланбай өзүм менен кошо жүргөндөгүсү, черновиктегиси… Кайрадан кайра карап, кайрадан кайра иштей бергенге болот.

Топурак жана асфальт

… Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Муну көп баскан киши билет. Асфальттуу жолдор бат чарчатат. Топурак чарчатпайт. Канча көп бассаң да чарчатпайт. Таманың аркылуу демиңе дем, күчүңө күч кошот. Асфальт тескерисинче соруп алат.

Дагы ырлар тууралуу

… Кай бир акындардын ырларынан эч кынтык таба албайсың. Уйкаштары жуп-жуп болуп жарашып… Айтайын деген ою да орундуу. Төрт тарабы төп. Окуй бересиң, окуй бересиң, окуп бүтүп карасаң башта эч нерсе жок. Түк козгобойт. Тескерисинче одуракай, содуракай жазылган ырлардан бир нерсе тапканга болот. Жок дегенде жылаңач сезимди.
Ар бир мааракеге, майрамга, той-топурга, мансаптуу менен бийликтүүлөргө арнап ыр жазгандан эч тажабаган акындар бар.

Кыштын акыркы күнүндө

… Үч ай кышы менен бир колум отто, бир колум сууда, бир бутум тышта, бир бутум үйдө болуп жүгүрүп жүрүп кышты караганга, карды караганга чактым келбеди. Көр тирдик менен алышып, мен өзүмчө өйдө-төмөн жүгүрүп, кыш өзүнчө жол кезе берди. Жер бир агарып, бир карарып, асман бир булуттап, бир ачылып…
Бүгүн гана карды карап отурам. Таң аткандан жаап атат.
уулумду ойготуп, тамагын берип, мектебине жөнөтүп коюп карап отурам. Жыртык-тешиктери көбөйүп, эскирген өтүктөрүбүздү аптап-жиптеп, майлап-сүттөп туруп батареянын түбүнө жайып коюп карап отурам.
Кара жерди ак кылып кар жаап жатат.
Эчендегендер эске түшөт. Эшикти тирей жааган кар.
Темир күрөк. Жыгач күрөк.
Таң эрте туруп кар күрөгөн атакем.
Уй байлаган сарайга, көң менен тезек, көмүр менен жыгач жыйылган бастырмага жол салып кар күрөгөн атакем.
Кар жаап жатат. Кыштын акыркы күнүндө.
Терезенин тушунан бир карга калдалаңдап учуп өттү. Үйдө кыла турган жумуш толуп жатат. Мейли күтө турсун.
Карды карап отурам.

29.02.2000

Өрүктөрдү көр

… Жаз келди, досум. Өрүктөр гүлдөп калыптыр. А сенден көптөн бери дайын жок. Көр тирликке кирип кеткен окшойсуң. Көтөрсөң боло башыңды. Көрсөң боло өрүктөрдү. Көп убактыңды сурабайм. Көчөдө баратып эле бир карап кой, башынды өйдө кылып. Өрүктөрдү. Ошондо өткөн-кеткен өкүнүч-муңуң бүт эсинен чыгат. Ошондо бир бүркөө көңүлүң ачылат, каткан чериң жазылат.
Өлгөндөр гана көрө албайт өрүктөрдү.
Колумда жок деп кейибе. Өрүктөрдү көрө турган көздөрүң бар. Көкүрөгүң бар сүйүү толгон. Мээрим толгон. Сагыныч толгон. Алар байлык эмеспи? Чоң байлык. Андай байлыкка жетпегендер толтура.
Өрүктөрдүн бүрдөгөнүн, гүлдөгөнүн экөөбүз тең сүйчү эмес белек.
Унуттуңбу?
Өйдө кыл өзүңдү өзүң.
Өчпөгүн.
Өмүр кызык.
Өрүктөрдү көр гүлдөгөн.
Өт аралап өрүктөрдү.
Мени эсте.
А сен менин эсимден бир күнү да, бир саат да, бир мүнөт да чыккан жоксуң. Аны сен билесиң. Айтпасам да. Дебесем да. Анткени, сен Акылдуусуң.
Акылдуум, өйдө кыл башынды.
Теңелбе тең эместерге.
Акылдуу сен тепселсең башкалар эмне болот?
Өрүктөрдү көр. Гүлдөп жатканын, гүлүн төгүп жатканын көр.

09.03.2000

Эң бактылуу жазуучу

Кыргыз жазуучуларынын ичинен эң бактылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев. Жазгандан баштап, жалаң чыгармачылыкка баш байлап, айрымдарыбызга окшоп ар кай жакка чарпылбай, карьера куубай, даңк, сыйлык, сыймык куубай, өзү каалагандай жазып, өзү каалагандай жерге өзү каалагандай үй куруп, эркин жазып, эркин жашап келатат.

Закым

М.Т.га

Кеч күүгүмдө жээкти бойлоп кайчы өттүк. Кайчы өткөн издерибизди толкун жууду, кездер бизди жуугандай. Жуулдукпу, же жокпу?
Ушул чалкыган аалам астында сени гана жакшы көргөнүмдү айтсам ишенээр белең? Жок, айтпайм. Жаап койгом капкагын ал сезимдин.
Өткөрдүм сенсиз узун-узун өмүрдү. Өзүмчө тирдик кылдым. Кайчы өттүк кеч күүгүмдө жээк бойлоп, узадык бирибизден-бирибиз улам алыс. Кылчайбадым. Изимди толкун жууду. Билем, сен да кылчайган жоксуң. Кеттиң өз жолуң менен.
Көздөрүңдүн жарыгын канчалык көргүм келсе да тик багып карабадым. А балким эчак өчкөндүр ал жарык, балким тике бакпаганым ырас болгондур…
Көздөрүңдөгү жарыктын өчкөнүн көрүү баарынан коркунучтуу. Мен үчүн. Ошондон корктум.
Бирок билгем ушул күндөрдө, ушул жээктен жолугаарымды. Билгем.

Июль, 2003

Үйдөгү аалам

Аптаптан качып шаар сыртына чыктык. Көк-Жардын башынан айлана-тегерек алаканга салгандай көрүнөт. «Царское село» делет экен. Жаңы салынган бийик, заңкайган үйлөр жайнап кетиптир. Жаңы кыргыздардын, чиновниктердин үйлөрү. «Тигил аныкы, ал мунуку», – дешти жанымдагылар. Эл билбеген балээ жок.
Дөбөгө шамал издеп чыкканбыз, бирок бул жерде деле шамалдын изи билинбейт. Кыялай басып коктуга түштүк. Көлмөнү бойлоп көп жүрдүк. «Суу жыландарды көрөсүзбү?», – дешти жанымдагылар. Суу арасындагы бир топ камыштуу аралчаларга таш ыргыттык. Бир дагы жылан көрүнгөн жок. Жалбыз менен түркүн чөп баскан булакты көрдүк. Шар аккан суунун боюнда, кара жыгачтардын арасында олтурдук. Шамал ушул жерде жүрүптүр.
Андан бери үч күн өттү. Үйдун ичи толтура шыбактын жыты.
Поль Элюар: «Үйдө күзгү, аял жана бүт аалам деп жазган. Менин үйүмдө да бүт аалам. Аалам Көк-Жардын дөбөсүнөн терип ала келген шыбактар менен кошо кирди. Урган шамал, жааган жамгыр, күн, ай, жылдыз, суу, кум, топурак. Ошолордун баары шыбактарда.
Капыстан так төбөдөн күн күркүрөп, чагылган соймоңдоду. Шатырап өткүн жүрдү…

Июль, 2003

Ай

Бала чагымда жайдын толуп турган күндөрү тышта жатчубуз. Асманды, жылдыздарды тиктеп, кобурашып көпке уктабай жатар элек. Огороддогу жүгөрүлөр, үй жанындагы теректер шуулдап, алыштан жылтырап суу агып, айлананы түркүн шоокум орочу. Жылдыздарды саначумун. «Жылдыздарды санаба, жаман болот»,-дечү апам. Болбой эле ичимден санай берчүмүн. Адашып калып кайра башынан түшчүмүн. Саманчынын жолу буурулданып өзүнчө агып жатаар эле. Жети бурчу жаркырап Жетиген турчу. Сан жылдыздан бөлүнүп ар кай бурчтан топ-топ болуп үркөрлөр жымыңдачу. Кай бирде жылдыз уччу. «Асманда ар кимдин өз жылдызы бар,- дечү апам, адамдын күнү бүткөндө анын асмандагы жылдызы да өчөт. Ал эми Ай айылдын чыгыш тарабындагы дөңдөр тараптан чыкчу да, бир да тынып, бир да эс алып койбой калкый берээр эле. Жер менен көктөгү нерселердин баарын түгөлдөп, кайтарууга алган жалгыз кароолчудай болуп…
«Жагылган кезден ай көктөн, ким айтат канча доор өткөн? Ал чыгат, качат караңгы, ак шоокум басат ааламды. Тунарган элес кезинде, тунарат дале бетинде. Кыш келет. жерди кар басат, жаз келет, кездер алмашат, ай болсо дайым асманда, сен жүрбө кайсы жактарда. Келгени келген сен менен, кыска да узун жол менен. Ободо жанат, көрөсүң, ой кылып жетпей келесиң. Калкылдайт көктө жай гана, карайсың жерден арбала». Айтылуу кытай акыны Ли Бо ай тууралуу кезинде ушинтип айткан экен. Быйылкы жайда асман ачык айлуу түндөр сейрек болду. Айрыкча июлда жамгыр көп жаады. Ак жаандап, куюп, нөшөрлөп. Асмандын түбү түшкөндөй. Мурдагы түнү гана негедир ойгонуп кетип, айнектен жаркырап жарыгын төгүп турган айды көрдүм. Асманда удургуган булуттарды аралап абалкысындай өз жолу менен калкып баратыптыр…

Июль, 2003

Жалгыз аяк

Жагымдуу, жыттуу, жаңы бүрдөгөн шыбагын ыргалтып сурады:
– Көрүнбөй кайда жүрөсүң?
– Көр тирликте.
Асфальтка урунуп, аяктаган жерине чейин аны, муну сурашып аңгемелешип жүрүп отурдук.
Көөлөнгөн көңүлүңдү жуу деп, көктөн түшкөн шүүдүрүмүн тартуулап узатты…

Май, 2004

Жазуучулар союзунун…

1970-жылдар. Күз. Жазуучулар Союзунун экинчи кабатына чыгып бараткам. Ал түшүп келатыптыр. «Салам алейкум!», – деди. Ушул турбайбы дедим ичимен. Мурда М. эже сүрөтүн көргөзгөн. Таанышкысы келет экен деп.

«Таанышпайм!» деп койгом. Жаккан эмес. Ал эми капыстан бет келишкенде дароо эле жакты. Жүрөгүм ордунан бир козголуп калды. «Ушул турбайбы!» – дедим ичимен. Ал Ысык-Көлдө турчу. Күн сайын күтчүмүн. Мүнөт сайын ойлочумун. «Серенада» деген радиолама пластинкасын коюп, Моцарт менен Бетховенди укчумун. Шаардын чекесинде жашачумун. Кат жазыштык. Ал Караколдон самолет менен учуп келди, мен учуп бардым. Бир жолу башын жууду. Башына суу куюп бердим. Чачы капкара, коюу болчу. Кичинекей кызга чоң ата батасын бергендей агылып-төгүлүп батасын берди, көзү менен эркелетти. Көп нерсени көзү менен айтчу. Сүйгөнүн, күйгөнүн, кызганганын, сагынганын, таарынганын… Мен да сүйдүм. Эч кимди сүйбөгөндөй. Жүрөгүмө терең, терең катып, кусага, ойлорго, муңдарга батып. Бирок биринчи көрүшкөндө эле (жазуучулар союзунун экинчи кабатына чыгып бараткам) жолубуздун эки айрылыш экенин, эч качан бириге албастыгын түшүндүм. Түшүнгөн сайын жакшы көрдүм. Ар бир жолугуубуз – айрылууну булгалачу. Ар бир коштошуубуз – жолугууну… Бүткүл өмүрүмдө эч кимди анчалык жакшы көргөн жокмун…

Ал. Альбом. Чымчыктар

Башыбызды тийиштире катар олтуруп, альбомдогу сүрөттөрдү карайбыз. Анын альбому. «Бул – ал, бул – тигил», – деп тааныштырып жатты. Арасында көп кишилер менен түшкөн менин да сүрөтүм бар экен. Сактап жүргөн турбайбы деп, ичим жылып койду. «А бул болсо – эжем, – дейт – бул ошонун тарткан сүрөттөрү. Наристе чагында чарчап калыптыр». Түркүн боёктор менен тартылган сүрөттөр оңуп, кагаздар саргайып кетиптир. «Ксерокстан өткөрүп койбойсуңбу» – дейм. Унчукпайт. Мен да унчукпайм. Тышта чымчыктар сайрайт. Ойгонуп кеттим. Жанагы болгондордун баарын сыйпалап, таппай калдым. Аны да, альбомду да. Чымчыктар чын эле тышта сайрап, түн сүрүлүп, таң атып келатыптыр.

Март, 2000

Муңайым жымжырттык

Ирегеме муңайым бир жымжырттык кирип келип отуруп алды. Чыкпайт. Үй да, көчө да жарык. Муңайым жымжырттыктын бети күүгүм. Атын айтпайт. Себебин айтпайт. Үйгө киргени аз келгенсип, жүрөгүмө дагы үңүп кирди.

Poмaн

… Ойдо. Тоодо. Асманда, Жерде. Отто. Сууда. Жарыкта. Караңгыда. Дайыма жөө. Дайыма өзүм менен өзүм. Талашсам өзүм менен талашам. Тартышсам өзүм менен тартышам. Өзүмдү өзүм түшүнбөй, жерип, бет карагыс болуп кол үзүшүп. Кайрадан кездешип. Жарашып. Ницшенин: «В человеке тварь и творец соединены воедино: в человеке есть материал, обломок, глина, грязь, бессмыслица, хаос, в человеке есть также и творец, ваятель, твердость молота, божественный зритель и седьмой день» дегенинин кыпынынан да калтырбай бүт көтөрүп, бүт аралашып, бүт жиреп…
… Өмүрдүн аягына чыгып келатам.
…Көктөбү, жердеби, кимдир бирөө жазып жатат.
Мен тууралуу романдын. Акыркы барактарын.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top