
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү Айнара Баатырбек кызынын “Кусалуу күндөр” аттуу алгачкы поэзия кечеси болуп өттү. Кечеге аталган окуу жайдын окутуучулары, студенттер, поэзия күйөрмандары менен катар калемдештери катышты.
Баатырбек кызы Айнара – 2003-жылы 30-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Борко айылында төрөлгөн. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин «Кыргыз тили филологиясы жана журналистика» факультетине 1-курска кирген. 2024- жылы Бишкек шаарындагы «И.Арабаев» атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтуна которулуп келип, окуусун улантып жатат. ОшМУда өткөрүлгөн «Кесибим башка болсо да, жан дүйнөмдө-поэзия» аттуу ырлар сынагында 1-орунду ээлеген жана ардак грамота менен сыйланган. Жаштардын К.Аблабеков атындагы биринчи поэзия фестивалында 1-орундун жеңүүчүсү.


