Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүркановдун 80 жылдыгы белгиленди. Иш чарага КР Мамлекеттик катчысы М.Иманкулов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы К.Иманалиев, КР Баатыры М.Шеримкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев ж.б. мамлекеттик-коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты.
Меймандар акындын чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз кылышты. Анатай Өмүрканов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Ошондой эле ага Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгиси ыйгарылды.
Иш чараны белгилүү ырчылар коштоп, акындын калемине таандык обондуу ырлар жаңырып, ырлары окулду.











































