Ай Көл

Айдар Рысбеков: Алтын жээгиң бир көрүүгө зарыгып, Кусаланып келдим сага Омордой.

“Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү, жаш акын Айдар Рысбековдун “Көл жана сен” аттуу алгачкы поэзия кечеси Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында өттү.

Көл толкунунун боюнда, көл шоокумунун фонунда айтылуу Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттар” ырынын коштоосунда сахнага каалгый басып чыга келген авторду кечеге келгендер дуулдай тосуп алышты.

Оо, көлүм,

мен сүйүүнүн азабына кабылып,

махабаттан жолум турат оңолбой.

Алтын жээгиң бир көрүүгө зарыгып,

кусаланып келдим сага Омордой…

Зал толо элди көрүппү, толкуган көлдү көрүппү, айтор эргип, көлгө сырын айтып, көл менен кошо элге чынын айтып ырларын окуду. Калеми төшөлүп калганы, чыгармачылыктын жоопкерчилигин сезип, ырларын электен өткөрүп даярданган дарамети байкалып турду. Эргип ыр окуп атканда чоң экранда бир сулуунун элеси пайда болуп, ал улам жакындап келип сахнага чыкты. Караңгы залда, светтин жарыгында апакай сулуу ыр окуп жатты. Бир нече ырларын кезектешип айтып, ырахат тартуулашты.

Бул учурда автор көркөм окуганды өздөштүрүүсү керек экен деген ой кылт этти. Жакшы ырларды элге жеткиликтүү кылып окуп берүү да чоң талант экендигин көркөм окуунун чебери Раиса Акылтай кызы далилдеп берди.

Капыстан жарык өчүп, жанагы сулуу көрүнбөй калды эле, ал боштукту жагымдуу музыка толтуруп, гитара үнү коштоп кетти. Айдар Рысбековдун сөзүнө жазылган обондуу ыр жаңырды.

Сахнанын бир бурчунан чачы-башы суу болуп бир бийкеч чуркап чыкты. Анын чыгышын эле күтүп отурган Айдар дароо кол чатырын сунуп, бейтааныш сулуу менен таанышып, төгүлүп-чачылып, бүтүндөй дүйнөсүн арнады. Ырлары менен арбап алдыбы же билегинен бекем кармап алдыбы, саамга бийлеген болушту. Андан соң ал сулуу да акырын колунан суурулуп, жөнөп кетти.

… атыңыз ким сулуу кыз?…

… Айжан

Айжандын сахнада ойногон чеберчилигине тамшанып, кол чаап узатып калдык.

“… ушул күн болсун мага өзгөргөн күн!…”

Толкуп-ташып ыр окуп келип, көрөрмандар ыр дүйнөгө эми сүңгүп кирип келе жатканда мына ушундай ыр саптары менен чыгармачылык кечесин жыйынтыктап салды.

Чала тоют болуп калган көрүүчүлөр “дагы…” деп кыйкырмакчы болуп, “браво” деп кыйкырып алып, унчукпай отуруп калды.

Соңунда алыстан келген айылдаштарына жана поэзиянын анык күйөрманы Мурат Жетимишбаевге сөз берилип, меймандар жаш акынга ак батасын арнап, “Көл жана сен” поэзия кечесин жыйынтыкташты.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top