
КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, К.Аблабеков атындагы коомдук фонду тарабынан жарыяланган жаш акындар арасындагы Кадырбек Аблабеков атындагы республикалык адабий фестивалынын финалисттери аныкталды.
Фестивалга катышуу үчүн тандоо турунан өтүүгө 18 жаштан 25 жашка чейинки куракта 41 автордон чыгармалар кабыл алынды. КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков, Филология илимдеринин доктору, акын, котормочу Аида Эгембердиева, Маданияттын мыкты кызматкери, акын, драматург Сайра Батыркуловалар калыстык кылып, жалпы катышуучулардын ичинен 7 авторду тандап алып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү фестивалга жолдомо беришти. Алар Айдар Рысбеков, Айзат Кудайберди кызы, Аниель Куламжанова, Таңчолпон Маматали кызы, Толгонай Сариева, Шергазы Ысаков жана Айнара Баатырбек кызы.
Финалга өткөн акындар көгүлтүр көл жээгинде өтө турган фестивалдын жүрүшүндө 2-турда кайрадан ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталат.
Фестиваль 18-19-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Финалга өткөн акындарды куттуктайбыз жана алдыдагы фестивалга ийгиликтерди каалайбыз!
Эскертүү: Эгерде финалисттер шартына же ден-соолугуна ж.б. себептерге байланыштуу фестивалга катышуудан баш тартса, анда көрсөтүлгөн баллдык система боюнча жогорку упай алган кийинки катышуучу автоматтык түрдө анын ордуна катышуу укугуна ээ боло алат.