Ай Көл

Жазуучу Б.Бектенованын “Элчинин кылычы” китебинин бет ачары өттү

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Жайыл районунда жазуучу Бүбүйра Бектенованын “Элчинин кылычы” китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган иш чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук бөлүмү менен бирге уюштурулуп, ага КРУЖС Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Д.Юсупов, акын-жазуучулар Б.Карагулова, Б.Арстанбекова, Г.Орозматов, КР Эл артисти Д.Жалгасынова, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаев ж.б. китеп окурмандары катышты. Иш чараны Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Имамназар Бурканов ачып, келген меймандар автордун тарыхый романы тууралуу пикирлерин билдиришти.

Иш чараны Жайыл райондук маданият үйүнүн кызматкерлери коштоп, автордун сөзүнө жазылган обондуу ырларын аткарып беришти. Элчинин кылычы китебинен үзүндүлөр айтылып, ырлар окулду.

“Элчинин кылычы” китеби XVIII кылымдагы тарыхый инсан, кыргыз элинен чыккан өз заманындагы белгилүү элчи Жамансарт уулу Түлөберди бийдин өмүр таржымалы, саясий ишмердүүлүгү жөнүндө жазылган. Түлөберди бий элчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүп, баатыр, көсөм, эл башы, журт атасы болуп өмүр сүргөндүгү даңазаланган.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top