
Бишкек шаарындагы Октябрь районунун №98 орто жалпы билим берүү мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, чыгаан акын Сооронбай Жусуевдин ысымын ыйгаруу аземи болуп өттү.
Иш- чарага Жогорку кеңештин депутаты Токтошев Эмиль Токтоканович, Сооронбай Жусуевдин кызы Жусуева Анара, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, коомдук ишмер Жамшидов Жаңыбай, Кырк эл биримдигинин өкүлү Култашыр Шерипбаев, Октябрь районунун администрациясынын мурдагы башчысы Токтосартов Камалдин Акунович, Октябрь районунун администрация башчысынын орун басары Сыдыкова Асель Сыдыковна, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директорунун орун басары Ботоканова Медина Абасбековна жана Октябрь районунун бир катар мектеп жетекчилери катышты.
Ысым ыйгаруу иш- чарасы окуучулардын акындын ырларынан көркөм окуусу жана концерттик программа менен коштолду.
№98 орто жалпы билим берүү мектеби 480 орунга ылайыкташып, 2022-жылы ачылган, учурда 41 класс комплект менен 1151 окуучу окуйт.










