
Быйыл түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Биринчи поэзия фестивалы Ордолуу Ош шаарында 28-29-30- майда өтөт. Фестиваль кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналат, ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан жаш акындар катышат. Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын башын бириктирип, жаңы адабият платформасына айланмакчы.
Жаш акындардын фестивалына 35 жашка чейинки таланттуу жаштар катышат. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө Жолон Мамытов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты деген наам, диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле эл аралык фестивалдын дипломанты деген сый-урмат көрсөтүлөт.
Фестивалдын уюштуруучулары:
-Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму
– КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
-Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлиги
– Евразия жазуучулар союзу
– КР Улуттук жазуучулар союзу
-Ош облусу
-Ош мэриясы
– Ош мамлекеттик университети
Бул абройлуу фестивалдын катышуучулары менен тааныштырууну улантабыз.
Өзбекстандын атынан катыша турган жаш акындардын бирден ырын назарыңыздарга сунабыз.
Эркинжан Хожоматов
Масхулох Мадаминов
Хулкар Шерзодова
Шоди Атамуротов
Яхёхон Файоз
Дадахон Мухаммадиев
Шухрот Ориф
Өзбек тилинен которгон Гүлүмкан Исаева

*****
Көк чакырат мени өзүнө,
Көчкүм келет көккө табынып.
Желдей сызып баргым келсе да,
Жер астында калган тамырым.
Кетсем кана качып баарынан,
Жокко сиңип кетсем бүтүндөй.
Унутканмын өзүм өзүмдү,
Жоктон түшүп келип күтүлбөй.
Рухум дейди, качат тынч албай,
Түпсүздүккө кокус жолукса.
Канат бүтүп жаным күн кармап,
Көөдөн жарып көккө оолугат.
Өзүмө өзүм берем эркиндик,
Мейли рухум көккө табынсын.
Көк асманга көөнүм жетсе да,
Жер астында калган тамырым.
Хулкар Шерзодова

*****
Сагынчыма көөмп мен сени,
Жаным тынчтык тапкан убакта,
Неге түндө “амансыңбы” – деп,
Көздөрүмө тиктейт чырактар.
Кайгыма анан көмдүм мен сени,
Кайгыма да сулуу көрүндүң.
Баары сулуу болуп төрөлүп,
Баары сулуу бойдон өлүштү.
Кыялдарга көмдүм мен сени,
Кыялымды сезим бийледи.
кыялдарда гана биргебиз,
Ушу жалган кошпойт бизди эми.
Тынчтыгыма көмдүм мен сени,
Тагдыр татаал болду дагы да.
Унчукпаймын дилим жанчылып,
Унчукпаймын, сага агылам.
Сени көөмп элестериме,
Жашайм дегем барктап өмүрдү.
Сени эмес, эркем, түшүндүм,
Көмсөм болмок экен өзүмдү.
Шухрат Ориф

Китеп сүйгөн бир кызга
Көздөрүң аптабым өрттөгөн,
Элесиң окшотом гүлдөргө.
Отурсуң көздөрүң китепте,
Окуйсуң сен “Өткөн күндөрдү”.
Өзүң да Күмүшкө айланып,
“Атабек жолук” – деп, жарыктык.
Өзүңө күткөндөй бардыгын,
Экөөнө тилейсиң бакытты.
Миң аяп китепте аларды
Үшкүрүп коесуң көңүлсүз.
Ишенгин кыянат кылбай эч,
Издеймин көзүңдөн өзүмдү.
Эркинжан Хожимухаммад

*****
Жамгыр жаайт дешти таң эртең,
Таң эртең көөнүм тынч алар.
Чарчоодон бүткөн дүйнөгө,
Чарчаган рухум үн салат.
Дүйнөмдү өйүйт бир суроо,
Сен арзуу белең, сөз белең?
Кайгы, ой, тилсиз тунжуроо,
Тынчымды алат келбесең.
Не артка кайтты поезддер,
Не эле оюң, күйүтүм?
Таң эртең жаачу ак жамгыр,
А балким сүйүү үмүтү.
Рухумда оор бир дабыш,
Рухум да айтат ысымың.
Келсең не эле, сүйсөң не
Жаанды сүйгөн ырысым.
Мен барда үмүт өчпөсүн,
Тагдыр дейм сага жетпесем.
Көл кылып жанды жамгыр жаайт,
Жамгыр жаайт эртең келбесең.
Дадахон Мухаммадиев

Пианино чертип отуруп
Манжалар учунда жүрөгүм,
Манжалар учунда ой, денем.
Махабат, мен сага барайын,
Манжалар көрсөткөн жол менен.
Колуңдан жай табат бу дүйнө,
Колуңдан башталат бу жолдор.
Не сырлар колуңда күбүлгөн,
Менин да чыккым жок тушооңдон.
Ак-кара түстөрдөй өмүр да,
Ак-кара сабагын үйрөтөт.
Абайла, сен деген көңүл бар,
Абайла, жер менен сүйрөтөт.
Эсептеп эртеңди, бүгүндү,
Манжалар ичинде жүрөмүн.
Бир мукам обонго айланат,
Манжалар ичинде
жүрөгүм.
Шоди Отамурод

Суроо
Билесизби кайра дүйнөнү,
Жаратабы кайра Теңирим?
Кайра көктө жайнап жылдыздар,
Кайра гүлдөр гүлдөй береби?
Аалам кайра ачып кучагын,
Асман Айды, Күндү тособу?
Авазынан арзуу жаңырып,
Таңда булбул добуш созобу?
Бактым болуп менин издеген,
Сиз кайрадан жараласызбы?
Теңир жолум сизге түздөгөн,
Арман болуп калаласызбы?
Масихуллох Мадаминов






