
Быйыл түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Биринчи поэзия фестивалы Ордолуу Ош шаарында 28-29-30-майда өтөт. Фестиваль кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналат, ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан жаш акындар катышат. Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын башын бириктирип, жаңы адабият платформасына айланмакчы.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө Жолон Мамытов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты деген наам, диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле эл аралык фестивалдын дипломанты деген сый-урмат көрсөтүлөт.
Фестивалдын уюштуруучулары:
-Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму
-КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
-Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги
-Евразия жазуучулар союзу
-КР Улуттук жазуучулар союзу
-Ош облусу
-Ош мэриясы
-КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы
-Ош мамлекеттик университети
Биз бул абройлуу фестивалдын катышуучулары менен тааныштырууну улантабыз (Буга чейин Өзбекстандын жаш акындары менен тааныштырдык.)
Казакстандын атынан катыша турган жаш акындардын ырларын сунуштайбыз.
1.Эльмира Сарсенбайкызы
2.Арайлым Мураталиева
3.Ершат Кайболдин
4.Ерик Нарын
5.Мэрей Карт

Эльмира Сарсенбайкызы
Аскаралым!
(Мукагали Макатаевке)
Кырааны элең жайкыган түз талаанын,
Сездим бүгүн жүрөгүм сыздаганын.
Сен жөнүндө ой толгоп өтсөм бекен,
…Мукагали! О, Мука, Музбалагым?!
Жабыркаган жаныңдын билем сызын,
Ырларыңда ачуу муң, түнөргөн үн.
Ырым менен көгөрөр көшөгөм деп,
Өмүрүңдүн өткөрдүн “күрөң күзүн”…
Ырларыңда бар сенин бир сырдуулук,
Келчү урпак таанысын, жүрсүн билип.
“Үшкүрбөчү” деп гана таңды атырып,
…Күнүңдү өзүң батырдың үшкүрттүрүп.
“Өмүр” жаатын жаздың көп, сөкпөдүң э?
Кайгыңды да көрсөтпөй көпкө мүлдө.
Кышын, жайын, күзүн да ырга салдың,
…”Нуру жаап турганын көктөмүндө”
Анык бааңды чын айтып көрөм десем:
От да болдуң, өрттөңдүң өлөң десең.
Ыйлап жаткан апаны да жубатып,
“Эне, сен бактылуусуң” деген да сен!
…Ыргытса да тирүүңдө ар ким жарга,
Тоодой кылган бул күндө даңкыңды Алла.
Сен өлбөйсүң, өчпөйсүң, түбөлүксүң,
“Эң биринчи бакытың – калкың барда…
Жеңип далай тагдырдын айкалышын,
Калды артыңда ыр болуп даңкан изиң.
Поэзия падышасы кайран Мука,
Кара өлөңдүн кайышпас калканысың.
Сенден ашкан көрбөдүм талант барын,
Сенин ырың- кубатым, ырас баалуум,
Көөдөнүнө ыр тунган ак ыйыгым,
Асман тоонун алпы сен! …Аскаралым!
Өлбөй турчу үмүтүм!
Караңгылык бийлегендей жер-көктү,
Таттуу өмүрдөн далай таттым кермекти.
Жанды жеген бир убайым ичтеги,
Карегимден аккан жашты сел этти.
Кунсуз өмүр сарсанаага салсаң да,
Чыдай билдим каржалсам да, талсам да.
Эл эңсеген “таттуу өлөң” чыкпады,
Калемимди балга малып алсам да.
Касыретти кайда коём бүтпөгөн?
Күн болобу эңсөөнү бир тиктеген?
Эй, үмүтүм! Өлбөй турчу өтүнөм,
Бир кубаныч келер балким, күтпөгөн.
Санаа ойдун жетегинде сенделдим,
Дарт күчөгөн ичиндемин чеңгээлдин.
Чабыт издеп чырылдасам кечээ мен,
Ырым менен келген чыгар эмделгим.
Көздөн учуп бал бакыттуу кездерим,
Көбөйүүдө күндөн күнгө “аттиңим”.
Бир шапааты болсо деймин Алладан,
Сурабаймын андан өзгө бак берүүн.
Бактысызмын деп айтып көр
Алганда адамды убакыт тизгиндеп,
Бүтпөгөн бакыт кумарсыз.
Санаса өзүн бактысызмын деп,
Мен үчүн алар эң алсыз.
Бакыттын барын байка өлгөнчө,
Боюна жыйып күч ал да.
Бактысызмын деп айта бергенче,
Маани бер мендик мисалга!
Тагдырың сени жетим дебесе,
Бакытың ошол, ал иште.
Өмүргө келбей, алыстап кетсе,
Бактысыз, ошол наристе.
Бактысыз жандын башкача муңу,
Жок десе, такыр чара не?
Карылар үйгө таштаса уулу,
Бактысыз, мына, ал эне.
Күлмүңдөп күнүң таңда чыкпаса,
Чабыты алсыз жана чын.
Ыры окулбай чаң басып калса,
Бактысыз, мына, ал акын.
Өзгөнүн калса мазактарына,
Башына бүткөн шору алп.
Колу жетпесе азаттыгына,
Бактысыз, мына, ошол калк.
Макул болбоссуң, сын болсо жалган,
“Жайкалып чыгар жай түптөр”,
Ушу айтканымды тыңдап көр, анан,
“Бактысызмын” деп айтып көр!
Которгон: Жакшылык Дүйшөнбек уулу

Мэрей Карт
Жан-амалы
Аба-ырайы, амал кирбей бузулдуң.
Ал, эмнеге жабыркаган жүзүң – муң?
Жар четинен аста жылып баратат,
Ана, кара, жарган дарбыз – кызыл Күн!
Кабагыңдан кар жаап турат, муң эшип?
Жадырачы, жылдыздарга илээшип.
Көктөм жайлуу ой салып өт көчөгө,
Жүрөгүңө нурдан кызыл гүл өсүп!..
Кыялыңдан куш учурсаң кырларга,
Андан ашкан казал барбы, ыр барбы, а?!
Эркелечи, ийиниме баш сүйөп,
Чын сүйүүчү бир адамың турганда!
Салалы обон эч ким али салбаган,
Жакыныраак отурчу эми саал маган!
Экөөбүзгө орток сезим – махабат,
Экөөбүздү терметүүчү ал аалам!
Көңүлүңдү эми кайда бурайын?
Неге солгун чырайың?
Жадырачы!..
Жаратты го биз үчүн,
Бул ааламды көркөм кылып Кудайым!
Жаңы туулган ай
Жаңы туулган Ай кандай?!
Жүзү али кайралбай…
Сапталбаган орокту
Булутка кадап салгандай.
Жалт-жулт этип турган Ай
Кубулат э-э, бул далай.
Кулагынан бир кыздын
түшүп калган сыргадай!
Карачы Айга бүйүрдөн:
киричи жок түйүлгөн
саадакка да окшошот
ак кайыңдан ийилген.
Карай калсаң кайта бир,
Катуу согор Ой-тамыр.
Кулжа мүйүз — Ай тууду!
Чеберсиң го, пай, Теңир!
Которгон: Садырбек Турдубек уулу

Арайлым Мураталиева
*****
Сары түстүн көркөм экенин –
Күзгө карап туруп ынандым.
Сыр сактоонун азап экенин –
Сизге карап аңдап турамын.
Адашпоонун кыйын экенин –
Аңдаттырды жолдор бурулуш.
Коштошуунун кыйын экенин –
Түшүндүрдү көздөн чыккан жаш.
Кайгынын да көркөм экенин –
Түшүндүрдү бир жан сөз берген.
Ширин сөздүн жомок экенин –
Түшүндүрдү даамы өзгөргөн.
Күнөөлүүсүз… Баарын билесиз,
Билгениңиз мага жагымдуу.
Мен бар жерде күйүп жүрөсүз,
Ар отуна абдан жалындуу.
Сизди ушинтип актап аламын,
Мен да өзүмө-өзүм Теңирмин.
Тургунусуз башка калаанын,
Бир муңусуз мобул көңүлдүн.
Ыраак жүрүп болом мен дагы,
Алыңызга абдан сарсанаа.
Жаныңызга барамын дештен
Жарыңыздан турам тартына.
Сары түстүн көркөмдүгүнө –
Күзгө карап туруп ынандым.
Сыр сактоонун азап экенин –
Сизге карап аңдап турамын.
*****
Мен атамды көрбөдүм… көрүнбөдү,
Көрүнбөгөн жүрөктүн төрүндө бу.
Шондон чыгар, мен аны издебедим,
издегенин сезбедим анын мени…
Балким көргөн чыгармын, жок эсимде,
Эсиме сактабапмын элесин же.
Мени менен жашынмак ойноймун деп,
бекиндиби энемдин өңгөчүнө?!
Бекинип калдыбы анын өткөнүнө?
Жан термеген аялуу кездерине?
А азыр апам да жок… табылды алар
ырымдан… таамп түшкөн дептериме.
Шондон бери кат жазуу болду эрмегим,
Ошол каттар жүрөккө салды өрнөгүн.
Эч ким жооп бербеди, мен дагы эч
жашынмак ойноону түк эп көрбөдүм.
Ордума канча көктөм төктү жашын?
Канча ата кай жар-ташка сокту башын?
Баары жакшы болот ой, баары жакшы,
Кечире алсак тагдырдын көп катасын.
Айткан эле мага апам бирде сырын:
Мен – өмүрдүн ажайып олжосумун!
Мен – улуу махабаттын жемишимин!
Шондон чыгар терметүүм ыр бешигин…
Атам тууралуу,
Акыл-эске апам соккон мунараны
уратпадым… өзү да кулабады.
Оор тиет мага эй, менин эмес,
Атасы бар кыздардын ыйлаганы.
Мен атамды көрбөдүм… ыйлабадым…
Турагы Жүрөгүмдө чыгар анын,
Бейиши Жүрөгүмдө чыгар анын.
Өмүргө тээ үстүнөн карап турам
Апам согуп калтырган мунаранын.
Ерик Нарын
Жанар сулуу
Көз алдымдан кетпей койду гүл иреңи,
Бир өмүргө татыйт экен бир меңи.
Жалгыздыктын тагдыры бар маңдайга,
Көкүл коюп Күндөй чалкып күлгөнү…
Көөдөнүнө талаа сыйган тоо кызы,
Карегиңде чалкар муңдун турду изи.
Бар бакытты тиледим мен элжиреп,
Бул ааламдын жетер бекен жылдызы?
Улуулук ко –
үмүтүңдү үзбөө бир,
(Үмүттүү го –
кетпей койсо бизден ыр).
Сагынычтын тамырындай темир жол,
Темир жолдо өз бактыңды издей жүр.
Жер бетинен Күн да бакыт таба албай,
Жүргөнү шол өз отуна жана албай.
Жалгыздыгын шооласына жашырып,
Төбөбүздө Күн жылмаят Жанардай!
Ыр кечи
Ал кеткен соң далай барак жыртылып,
Таң атырдым бир муңайып,
бир күлүп.
Кайрылбаска кетти күздөр,
көктөмдөр,
Шол түндөгү жүрөгүмдөй булкунуп.
Саат тили тыкылдаган такадай,
Мазамды алат ал-жайыма карабай.
Ал тууралуу жазылбаган ырым да,
Кыйнап жүрдү айыкпаган жарадай.
Баягыдай өтүп жатты күн да жай,
Сагынычта, соолубаган тилекте.
А кийин биз ыр кечеден кездештик,
Моюн сунган жүрөк менен тагдырга.
Ыр кечеде арбалышты акыл, муң,
А ал болсо перизатым, акылдуум.
Ал сахнада менин ырым окуду.
Ыр деп сага эссиз ашык акының.
Кайта алоолоп жанды бекен өчкөн от,
Өткөн күндү ойлой бердим кечте көп.
Шол түндөгү жүрөгүмдү тааныдым,
Андан ары не болгону
эсте жок!..
Которгон: Бектемир Асылбеков




