Ай Көл

Жашыл Аалам. Түрк дүйнөсүнүн жаш акындар фестивалы

Быйыл түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Биринчи поэзия фестивалы Ордолуу Ош шаарында 28-29-30-майда өтөт. Фестиваль кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналат, ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан жаш акындар катышат. Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын башын бириктирип, жаңы адабият платформасына айланмакчы.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө Жолон Мамытов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты деген наам, диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле эл аралык фестивалдын дипломанты деген сый-урмат көрсөтүлөт.

Фестивалдын уюштуруучулары:
-Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму
-КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
-Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги
-Евразия жазуучулар союзу
-КР Улуттук жазуучулар союзу
-Ош облусу
-Ош мэриясы
-Ош мамлекеттик университети

Биз бул абройлуу фестивалдын катышуучулары менен тааныштырууну улантабыз (Буга чейин Өзбекстандын, Казакстандын жана Азербайжандын жаш акындары менен тааныштырдык.)

Кыргызстандын атынан катыша турган жаш акындардын ырларын сунуштайбыз.
1.Максат Жангазиев
2.⁠Мирлан Самыйкожо
3.Акбар Кубанычбеков
4.Бердибек Жамгырчиев
5.Нарсулуу Гургубаева
6.Ибрагим Айип
7.⁠Нуриза Өмүрбаева
8.Айзат Кудайбердиева
9.Гүлүмкан Исаева
10.Садырбек Турдубек уулу

Күлгүн жоолукчан

Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам…
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.

Кусалыктын күбүп кунарын,
Көзүмдү албай карап турамын.
Куп жарашат экен өзүңө,
Көйнөгүңдөй күлгүн курагың.

Такыр болбойт эми жолугуум,
Талкаландым, кайра соолудум.
Татынакай жарашат экен,
Турмушуңдай жаңы жоолугуң.

Көчө бойлоп басып буралдың,
Караанымды катып туралдым…
Көөдөндү өрт каптап турса да,
Көргөнүмө бирок кубандым.

Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам…
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.

Түшүнгүлө

Талкалап, сындыргыла бүлүндүрүп,
Таңы аткан таалайымдын гүлүн күбүп.
Баарыңар бирден тарап таарынгыла,
Бар болгон душманымды сүйүндүрүп.

Болду эми, туңгуюкка кептегиле,
Болду эми, болушунча тепсегиле.
Болбосом, болбой өзүм калайынчы,
Болбогон пенделикти чектегиле.

Жемелеп мейли жерге жекиргиле,
Жүрөккө чоң жаракка кетиргиле.
Кадырды кантип жасап алмак элем,
Камкордук кыла албасам кечиргиле.

Көксөгөн максатымды бүтүргүлө,
Көккө учсам көмөлөтүп түшүргүлө.
Көр тирлик азабынан арыла албай,
Көкүрөк ыйлаганын түшүнгүлө.
Мирлан Самыйкожо

Мекеним, сага келдим!

Мекеним, сага келдим!
Алоолонгон от болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн.
Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей,
Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

Мекеним, сага келдим!
Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюуга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз,
Кыйын күндө кармаган туу колуна.

Мекеним сага келдим!
Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпай,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

Бул максаттан чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,
Ар ишимди “аттиң” деп баштабаймын.

Ар бир кыргыз
Туулуш керек, акыйкат кураганы,
Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим бардык сынооңо чыдаганы!

Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчип, санаага баткандырсың…
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!

Бир күн

Бир күн келет сени ааламга жетелеп,
Бир күн берет бакытыңды эселеп.
Бүтөлгөндөй туш тарабың жылчыксыз,
Бир күн өтөр тагдырыңды жемелеп.

Бир күн сызып, самолёттой барат шуу,
Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу.
Бүт бардыгы жайланышып калганда,
Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу.

Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң,
Бир күн менен эки жүрөк кошулган.
Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп,
Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан.

Бир күн минип зуулдаган учкан ат,
Бир жыл күткөн бала жытын жыттатат.
Бийигинде жүрсөң дагы асканын,
Бир күн өтүп, өмүр аздан кыскарат.

Бир күн келет ажал сурап атаңды,
Бир күн келет өлүм тооруп апаңды.
Болсо болоор… бирок кечтен берсинчи,
Бир күн үчүн миң күн тартчу капамды…

Бир күн болот үмүтүңө шам чырак,
Бир күн жомок ак боз атын камчылап.
Бир байрагын көтөрө албай сүйүүнүн,
Бир күн менен бүт сезимдер жанчылат.

Бир күн аалам кубанычка толтурган,
Бир күн жаман жакын бооруң жок турган.
Билиги өчүп калыш үчүн үмүттүн,
Бир күн арсыз душман менен дос кылган.

Бир күн кээде оору берсе жок чыдам,
Бир күн жолуң көрүнбөгөн боз туман.
Бүгүн дагы кагаз карап үңүлүп,
Бир күн менен ыр бүтүрүп олтурам.

Бир күн акыр кыяматы келет дейт,
Ал күн катаал, коркунучтуу, мерез дейт.
Ар амалын өмүрүңдүн кылынган,
Бир күн калбай периштелер эсептейт.

Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп,
Бир күн күйүп, алоолонгон от болот.
Биз адамдар ыйман гүлүн соолутсак,
Бир күн менен бул жер жүзү жок болот.

Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат,
Бир күн келип, күткөн жандар табышат.
Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө,
Бир күн келсе, бизди алып барышат.
Акбар Кубанычбеков

*****

Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,
Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан.
Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына,
Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан.

Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн,
Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм.
Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп,
Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм.

Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын,
Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып калдым.
Башкалар азыр гана менчиктеп кетүүчүдөй,
Бир күнү балп эттирип «сүйөм» деп айтып салдым.

Эх, ошол убакыттар билинбей эч өткөнү,
Эсимди карайлатып көздөрү тешет мени.
Мен сизди жүрөгүмдөн дайыма сыйлап келем,
Калганын жалгыз гана убакыт чечет деди..

Кыз жообу айтылган соң мен жакта майнап барбы,
Кыялым ошол маалда чачылып жайнап калды.
Айткандан көп күн өтпөй ал кызды ала качып,
Убакыт чечпей эле азапка байлап салды…

Эх БГУ, окуу жайым, сезимдин тамган жери,
Жаштыктын айыкпаган азабы калган жери.
Арзуунун чокусунда карайлап жүрө берип,
Арадан жети жылдай өтүптүр андан бери.

Ишенгим келген да жок, көргөнүм анык деп мен,
Бейкапар бара жаткам досума салып кептен.
Келатты маңдайымда…дүркүрөйт бүткүл денем,
Кыз эмес кемпир көрдүм, муңайып карып кеткен.

Заматта алай-дүлөй, көзүмдөн жаш кылгырып,
Тушалып буттарым да араңдан бастым жылып.
Тагдыры ашыгымдын талкалап кетти кайра,
Тынч жаткан ааламымды заматта ташкын кылып.

Соолуган гүлдөй болуп калдың го эсте бекем,
Булактай күндөрүңө кайрадан кетсең экен.
Бир кезде өзүң мага ыйгарган убакыттар,
Пайдаңа аянычтуу тагдырды чечкен экен.

Бараттың баскан сайын денеңден кулатып муң,
Акыры билдим мен да чечпесин убакыттын.

Үмүт жана кыял

Эңгиреген боштукту туяр менен,
Эбак эле үмүттү тыяр белем.
Жалган дүйнө жарыгын токтоткуча,
Жашайт тура адамдар кыял менен.

Кыял деген ушунча күлүк белем,
Кылым доорун заматта сүрүп келем.
Жетеги жок өмүрүн көп учурда,
Жеңет тура адамдар үмүт менен.

Күн табына жанымды кумарлантып,
Күндөрүмдү үмүткө куралдантып.
Кыска жолдон максатка жетүүчүдөй,
Кыялдардын күүсүндө турам балкып.
Бердибек Жамгырчиев

*****

Көзүм менен тең айланып кусалар,
Сезим үчүн жакын туруп узаган.
Жүрөгүмдүн оозун бууп келатам,
Жарты жолдон чыгып алым сураба!

Элдикиндей эмес менде ашыктык,
Көзүм сүйлөп коёт катсам дилдегим.
Өзүм билбейм неге ашыктым сендеги,
Сүйүү кандай болуш керек билбедим?

Ишенбеген тариз бийлеп эркиңди,
Сенде күмөн сезимиңден жогору.
Мен жаш болсом болгондурмун, агатай,
Сүйүү да жаш болобу?

*****

Жүрөгүңө жүгөн салып койдубу
Бул турмуштун агынан көп карасы?
Бир үмүттүн элесине кол сунуп
Сени күттү,
узак күттү кара кыз.

Келет дешкен күтүүлөрдүн артынан,
Күтүү деле тилек, Теңир, кабыл кыл!
Баасы болбойт,
беделиби? Бар чыгар,
Бакыт дешкен мага сенин атыңды…

*****

Өзүмдөн качып жүрсөм, кабар сурап:
-кайдасың, тартынчаагым?!- деп коёсуз.
Жүрөгүм жүдөп кетти сүйүүдөн да,
Бардыгы болбойт окшойт ойдогунун.

Көңүлгө көө жугары ырас белем,
Түгөнүп калды менде ошол жомок.
Сүйүүдөн бир дөбөгө күлү үйүлбөй,
Кимдердин оту өчпөдү коломтодо.

Тагдырга шылтап коюп жашай берет,
Таалайын кармай албай учургандар
тапшырат баарын, баарын убакытка…
Таң калып бүтпөгөнүм – ушул Аалам!

Түшүнүп бүтө элекмин өзүмдү да…
Гүлүмкан Исаева

*****

Жыйырма жаштан жаңы ашкан,
Ырчы жигит жылдыз көз,
Ак түшүңө кирер сенин,
аяай кыздар чачы узун…

Жыйырма жаштан жаңы ашкан
жүрөгүңдө не барын,
билбеймин мен,
Ырбы, сырбы эриндерге
төгүлө элек мөлт этип.

Көктөн түшүп,
Көккө чыксаң,
Куп жарашар көк дүйнө.
Оо бир эски сүйүүнү унутуп,
Сени эстейм жерде эле.

Шаарга окшоп шашкалактап,
Токтор жерим түшүнбөйм,
Ууз түндөрдө түшкө кирбейм,
Көкүлүңдү уйпалап.

Жылдыз эмес көздүн жашын
Жыйнап алгам боюма…
Жүрөгүңдү уйпаларга
Чачым кыска, нетейин?

Чала уктап,
Чала жашып,
Чарчар кезде жүрөгүм
Чаңкап турам чагылгандай
чала өрттөгөн сүйүүңө…

Жыйырма жаштан жаңы ашкан,
Ырчы жигит жылдыз көз,
Ак түшүңө кире берсин
Ак бий бийлеп жылдыздар…

Д….га

Билесиңби?
Билбейсиң сен.
Билбегениң дурустур.
Мен унчукпай жашаганды үйрөндүм,
Сага дагы, Кудайга.
Ачканга да жүрөгүмдү
Сага гана,
Анан жалгыз Кудайга.

Билесиңби?
Билбейсиң сен.
Аялмын мен –
аял деген жакшы атымдан,
Аруу деген ак атымдан
аттап кетпеген.
Текеберлик күнөөм эмес,
Текеберлик – тереңдик.
Унчукпастан кыйкыруу,
Унчукпастан жактыруу.

Батперектей,
Бариктердей дүйнөмүн.
Батперектей дирилдек,
Бариктердей үшүкчөөл.
Бүгүн ошол батперектей дирилдеди жүрөгүм.
Бариктердей үшүдүм.

Кичирейип-кичирейип баратасың
Кандай үлкөн дүйнө элең.
Бүгүн жааган кардан жаш элең.
Кечээ жааган жаандан таза элең.
Деңиз элең бир ууртам.
Асман элең бир үзүм.
Аярладым эле сени
бекем кармап колума.

Бешик дүйнөм!
Бейпилдигиң бузбайын.
Бейпил жерде,
Бейпил күн өткөр.
Мен өзгөрбөйм,
Дайымкыдай көздөрүмдү
күлкүм менен жашырып,
Сени аз эстеп,
Өзүмдү көп унутам…

Сага берет тагдыр өзү ийилип,
Мезгилдерге сен чөгөлөп бересиң.
Сага келип сулуу кыздар
Сенин аппак,
Сенин аптап дүйнөңү,
Сүйүү билбес кучагында өлтүрөт.
Өлөт дүйнөң,
Өлөт мага жазган каттарың.
Өлөт сүйүүң ырларда эмес
Ким бирөөнүн койнунда.
Тирилте албайт сени муздак сүйүүлөр.
Төрөлбөйсүң тунук болуп эч кимден…
Сени эч ким Деңиз жигит атабайт,
Деңиз болуп төгүлбөйсүң эч кимге.

Батперектей дирилдедим,
Бариктердей үшүдүм.
Унчукпастан сүйөм сени,
Унчукпастан жек көрөм.
Айзат Кудайберди кызы

*****

Күн ойгонот сен жашаган тараптан,
Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт.
Билем, сенде Күндү тосмой адат бар,
Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт.

Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым,
Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү…
Мен Кудайга салып турсам сыртымы,
Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүн?!

Не жолуктуң күүгүм талаш кеч күздө,
Не төгүлдүң жамгыр кары аралаш?!
…Бул дүйнөнү бөлбөй жашайт эстүүлөр,
Тегиз дүйнө теңсиздиктен жаралат…

…Бар экенсиң мен жашаган дүйнөдө,
Кечим менин, кечиккеним бир өмүр.
Кечир мени, сен тазарган күнөөдөн,
Менин кошо тазарганым күнөөдүр…

Жаратканга салып тургам сыртымы,
Жараткандай жалгыз болуп көрүндүң…

*****

Бирде күздөй көшөгөсү сапсары,
Бирде жаздай жашыл болуп бүчүрлөп,
Бир сен болуп алыс, алыс жактагы,
Кээде менин бакыт кирет түшүмө…

Бул бир кыял, бул жөн түштөр болгону,
А эшикте чындык бороон, бурганак.
Күнжүрөгүм, мен дагы эле жолдомун,
Жолдогу өмүр жоголот же уурдалат!

Арасында асыл жашыл түштөрдүн,
Өмүр ушул аласалган миң агым.
Көп агызды… Дагы агызат туш келди,
Канталаган канаттарым, чыдагын!

Күнжүрөгүм, сенин сүйүүң жеңбесе,
Жеңет мени тагдыр бир күн нөшөрлүү,
Жеңилбегин, мен жеңилген жерде сен,
Мен көшөрбөй койгон жерде көшөргүн!

Дүйнө ушул көбүктөнгөн көк ирим,
Бирде сыздайт, бирде бийлейт, бир ыйлайт.
Сен жыгылба… Сени аясын Теңирим,
Сен жыгылба… Туулар жалгыз жыгылбайт!
Нарсулуу Гургубаева

*****

Бир ырда айтылбаган атың калып,
Биз кандай жакын элек алыстадык.
Бир сезим табыштырып экөөбүздү,
Бир өмүр койгон минтип ажыратып.

Жаныңа барганымда сурап бактым,
Жар сымал жамгыр жааса кулап калдың.
Жолубуз бир болбосун айтып анан,
Жолума бакыт каалап узаткансың.

Жашагың келди сенин кайгы көрбөй,
Жашайм мен жаштыгымды кайры дебей.
Сен азыр салам жолдоп жолоочудан,
Мен ага алик алам кайдыгердей.

Ичимде билсең бирок күйгөн отмун,
Ишенчим талкаланган күндөн корктум.
Өзгөлөр мени сендей сүйдү бирок,
Өзгөнү мен өзүңдөй сүйгөн жокмун.

Өзгөлөр мени сендей сүйдү бирок,
Өзгөнү мен өзүңдөй сүйбөй койдум.

*****

Бакыт берем десең чындап чочудум,
Бул сөз менен мен да көптү алдагам.
Бакыт берем дебе… Билсең, Чоочунум.
Аны мага эч ким бере албаган.

Өткөндөрбү? Өткөндөрдү сураба.
Оттой күйүп, оңой өчтүм жаш чакта.
Кайчы түшкөн жолумду жөн улаарда,
Катамды айтып, жазамды айтып чарчатпа.

Билип туруп отко-сууга таштаган,
Өз тагдырым өзүмө азыр кол жоолук.
Күндү көрүп көлөкөсүн салбаган,
Күл болгончо күйгүм келген от болуп.

Оо, ошондо кандай керек болчусуң!
Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй.
Бакыт берем дебе эми, Чоочунум
Бакыт мага жарашпаган көйнөктөй.
Нуриза Өмүрбаева

Силкинүү

Чапанымды жакасынан бек кармап,
Чаңын карга күбүгөндөй – күбүлсөм.
Өмүрүмдү өзөгү бар сөзгө арнап,
Өкүтүм жок – өлбөй туруп тирилсем.

Бүкүл болуп, зор көрүнүп мага не,
Бүтөчүдөй эки дүйнө тешигин.
Күкүмдөлүп кетсем жакшы а көрө,
Күчтөнтүүгө жетимдерди дечүмүн.

Көрүп турам, көптөрүбүз бечара,
Көпөлөктөй отко күйгөн канаты…
Көрсөм дагы көрмөк элем не чара,
Көзгө саят кайра-а адам баласы…

Буруп түзгө устаттардын ар бири,
Буга чейин берди жакшы тарбия.
Көнүксүн деп татаал жолго жан дили,
Көргөзүшүп койсо эмне жарды да.

Чапанымды жакасынан бек кармап,
Чаңын карга күбүгөндөй – күбүлсөм.
Өмүрүмдү өзөгү бар сөзгө арнап,
Өкүтүм жок – өлбөй туруп тирилсем.

Акынга

Түнөгүндөй картайбаган жаш ырдын,
Жүрөгүндөй жүрөк барбы акындын.
Түйшүгүмдү, арманымды далай кез,
Түрмөктөлгөн саптарына жашырдым.

Кайрак кылып калемине Күн нурун,
Казат тура жан сугарган ыр нугун.
Жашап коюп жашай элек жашоону,
Жатат тура бир ырында миң кылым.

Карегине кайыптарды чөгөрүп,
Калемине ыр баласын өңөрүп.
Кайран акын доор кезет, чек билбей,
Кайра-кайра ак кагазга төрөлүп.
Садырбек Турдубек уулу

Таарыныч

Арзуудан аз келгенсип эзилгеним,
Ар убак жемей болдум өзүмдү өзүм…
Таарынып калчу болдум кээ сөзүңө,
Оо, демек тирүү менин сезимдерим…

Алкынып, албууттанган куюн чылап,
Агылып көкүрөктөн ырым чыгат…
Билдирип тирүүлүгүм, адамдыгым,
Бир сезим турат дилде тыбырчылап…

Жашоодо эрмин далай амал билген,
Антсе да капасыңа камалдым мен…
Тайсалдап бирок кургур чоочулаба…
Таарынып турган кезде адаммын мен!

Сезгенге махабаттын өртү күчтүү,
Сезбестер жалгыздыкка кол сунушту…
Татынам, билсең сезим, үмүт өчүп,
Таарынбай калган кездер коркунучтуу…

Мен тууралуу

Сүзүлдүм далай, ийилдим далай, күбүлдүм,
Сүйбөдүм бирок таңдарын алсыз күнүмдүн.
Жаным от болуп алоолоп күйүп жатса да,
Жашоону сүйүп, жашагым келип, жүгүрдүм.

Жанымда жарык багыттар жанып турса миң,
Жаңылып далай, жаш чакта жалын ууртадым.
Ааламым тарып адамдан көңүл калса да,
Адамды сүйүп, адамды көздөй чуркадым.

Сыноолор болсо аскадан ылдый ыргыткан,
Сынбастан анда эр болдум кайра тырмышкан.
Жыгылган сайын бекемдеп улам күчүмдү,
Жаңылган сайын көрөгөч болдум турмуштан
Максат Жангазиев

Апам жана от

Өзү жебей мага берип жумшак нан,
Өмүр гүлү куураса да чың баккан.
Ийигиндей имерилип айланып,
Бош жип элем апам мени чыйралткан.
Мезгил келээр… китебинен
2012-жыл.

… Жайлоо таңы, уйлар жуушап, ит үрүп,
Күн кылкылдап тоо башынан чубурат.
Сүт урунган чакадагы добуштан,
Бир жылуулук жүрөгүмө урунат.

Апам анда саап жаткан уйларды,
Торпок кармап мен да жүрөм тызылдап,
Издеп жүрөт кече тууган улагын,
Короо жакта эчки маарап, кызыл жаак.

Топтоп алып торпок айдап кыялап,
Топ балдарбыз, чыйылдашып кубалап,
Тоолор бизди биз тоолорду кучактап,
Тоону сүйүп өстүк ырдап ураалап.

Шүүдүрүм тээп, тоңуп калган буттарды,
Үйгө келип сүт ичемин кызытып.
Каймак менен мээрим кошуп сүртүлгөн,
Нанды жеймин меш үстүнө жылытып.

Апам жаккан от тутанып алоолоп,
Боз үй ичи жыттуу түтүн каптаган.
Түндүк четтен түшүп турган күн нуру,
Теңир айткан салам болуп каттаган…

Арча күйөт меш ичинде чатырап,
Коломтобуз адырашман жыттанат.
Жоголбосун дегени го ойлосом,
Керегеге апам күкүрт кыстарат.

Бул картина эң бир баалуу сүрөттөй,
Сакталууда карегимдин ичинде.
Жакшы маанай менен жаткан түндөрдө,
Кээде көрөм, жылмаямын, түшүмдө.

…Апам жаккан оттун жылуулугундай,
Бир да жылуу от көрбөдүм өмүрдө.
“балдарым” – деп от калаймын азыр мен,
Жылуулугу сезилбейт эч өзүмө…

Апакемдин бүктөлбөгөн, сынбаган,
Ошол кезги элестери эсимде.
Өзү дагы сагынам дейт жайлоону,
Күн алыста кирет экен түшүнө…

…Апам анда алдуу эле бир кыйла,
Сексен жаштын суусун быйыл кечиптир…
Жол чырактын жашылындай жайлоодо,
Жашыл жылдар, жашыл өмүр өтүптүр.

Көөдөнүндө гимн кылып ырдаган,
Болуп калат баласынын жакшы ыры.
Соолуп калган айлымдагы көл сыяк,
Соолуп барат апакемдин жаштыгы.


Көөдөнүмдө гимн болуп ырдалып,
Жашай берет апакемдин жаштыгы…
Ибрагим Айып уулу

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top