2025-жылдын 28-29-30-май күндөрү Ош шаарында түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өтөт. Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандын жаш акындары катышат. Түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы акындын 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо, алардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалог курушуна шарт түзүү максатында уюштурулууда.
Аны ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы, Ош мамлекеттик университети, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору уюштуруп жатат.
Фестивалдын 1-күнү “Жолон Мамытов” аллеясында Жолон Мамытовдун эстелигин ачуу аземи жана гүл коюу иш-чарасы менен башталат. Андан соң ОшМУнун башкы имаратында расмий ачылышы өтүп, илимий публицистикалык докладдар окулат. Акындын бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Кеченин алкагында коноктор ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика интитуту, «Ак-Буура» кампусу менен таанышып, ОшМУнун «Congress Resort OshSU» комплексинде өтүүчү поэзия кечесине катышат. 29-май иш-чаранын 2-күнүндө Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи, “Алымбек датка” этнографиялык борбору, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейине саякат уюштурулат. Фестивалдын жабылуу аземи С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт. Маданий программа тартууланып, сыйлоо аземи менен жыйынтыкталат. 30-май күнү коноктор үчүн Кара-Кой эс алуу комплексине саякат уюштурулат.