Ай Көл

Адабий багытта aikol.kg сайты кызматта

Урматтуу адабият күйөрмандары, калемгерлер. Сиздер үчүн жагымдуу жаңылык. Акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жалпыга пропагандалоо, окурмандарга мыкты чыгармаларды тартуулап туруу максатында aikol.kg сайты ишке кирди. Мындан ары сиздер үчүн акын-жазуучулардын чыгармаларын, адабиятчылардын пикирлерин, сын-макалаларды, адабий жаңылыктарды, маектерди, подкасттарды, дүйнөлүк адабияттан мыкты котормолорду күн сайын тартуулап турабыз. Ар бир акын-жазуучуну, адабиятчыларды кызматташууга чакырабыз. Биз кызматташууга даярбыз. Жазмакерлер менен подкасттарды уюштуруу үчүн бардык шарттарды түзүп, кам көрдүк. Ар бириңиздер менен баарлашып, жаңылыктарыңызды жалпыга жар салып, чыгармачылыгыңыздардан кабар алып турабыз. Жарыялай турган материалдарыңыз, бөлүшө турган маалыматыңыз болсо aikol.studio.kg@gmail.com электрондук почтасына жиберип туруңуздар.

aikol.kg КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын расмий сайты болуп саналат.

Урматтоо менен,

aikol.kg сайтынын башкы редактору Нурбек Маамытбаев

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top