
Урматтуу калемдештер,
Урматтуу замандаштар,
9-май – Улуу жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайбыз!
Бул жеңиш күн бизге аталарыбыздын каны-жаны менен келген. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим.
Элибиздин тынчтыгы, мекенибиздин эркиндиги үчүн жан аябай салгылашып, кан күйгөн согушту көзү менен көрүп, жүрөгүнөн өткөрүп, ошол башынан өткөргөн алаамат күндөрдү чыгармаларында чагылдырып, эрдигин да, эмгегин да калтырып кеткен Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, С.Жусуев, С.Эралиев, Ж.Турусбеков, Т.Байжиев, А.Алдашев, Т.Байзаков, М.Элебаев, К.Эсенкожоев сыяктуу акын-жазуучуларыбызды эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Андыктан бул күн – ата-бабаларыбыздын эрдигине, кайратмандыгына, эркине жана Мекенге болгон чексиз сүйүүсүнө таазим кылуучу ыйык күн.
Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз!
Аталарыбыздын арбагына таазим кылып, эрдигин эскерип, унутпай, улам кийинки муунга айта жүрүү биздин башкы милдетибиз.
Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашасын!
Майрамыңыздар кут болсун!
КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын Башкармалыгы