Ай Көл

Жолон Мамытов атындагы “Жашыл Аалам” биринчи эл аралык поэзия фестивалы старт алды

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Ош калаасына Түркия, Азербайжан, Венгрия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын акындары чогулуп, Жолон Мамытов атындагы “Жашыл Аалам” биринчи эл аралык поэзия фестивалы өтүп жатат.

Фестивалдын алгачкы күнү Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” атындагы аллеяда Жолон Мамытовдун эстелигин ачуу аземи менен башталды. Иш чарага КР Мамлекеттик катчысы М.Иманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев, Ош шаарынын мэри Ж.Токторбаев, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин төрагасы У.Есдаулет жана шаар тургундары катышты. Эстеликти ачуу салтанатынын жүрүшүндө акындын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу сөз болуп, ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалды.

Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган “Жашыл Аалам” поэзия фестивалынын ачылыш аземи Ош мамлекеттик университетинде уланууда.

Күндүн экинчи жарымында “Отту сүйөм” аттуу поэзия кечеси ал эми кечинде “Жашыл Аалам” эркин поэзия кечеси өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Scroll to Top