Тайир Аширбай: Жалбырттап жалын чачам, чачыраймын, Жаштыкка, жашарууга эмне жетсин
Табийгатка ыракмат! Күүлөндүрөт, күчтөндүрөт бир арман,Күндө кирип, түндө кирип түшүмө.Чет өлкөдөн чыкпаса да чыгармам,Черткен күүмө чегирткелер түшүнөт. Балалыктан түшүп калган көк асманБаягыдай мени карай жүгүрөт.Мына кызык: данеги бар сөз тапсам,Менден бетер кумурскалар сүйүнөт. Көлчүктөгү кичи толкун, добуштарКурбаканын коштоосунда жаралат.Көз тайгылткан алтын коңуз, коңузжан,Көөдөнүмө ийне сайып кадалат. Жылдыз курттар – чейрек ууртам суу ичип,Жылт-жулт этип, жылып […]