“Алыкулга таазим” поэтикалык кечеси өттү
Кыргыз адабиятынын классиги, новатор акын-котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Эл аралык Алыкул Осмонов фонду тарабынан уюштурулган “Алыкулга таазим” аттуу поэтикалык кече А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында болуп өттү. Кечеде Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш коюлду. Студенттер Алыкулдун ырларын көркөм окуп беришти. Алыкулдун образын кемелине келтире аткарып жүргөн “Учур” театрынын актеру […]