Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажыраган. 1925–1928-жылдары балдар үйүндө тарбияланат. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катыша баштайт. 1930-жылы “Сабаттуу бол” газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын “Кызыл жүк” деген ыры басылып чыгат.
1935–1950-жылдардын аралыгында ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. “Таңдагы ырлар”, “Жылдыздуу жаштык”, “Чолпонстан”, “Махабат”, “Жаңы ырлар”, “Менин жерим – ырдын жери”, “Ата-Журт” деген жыйнактары жарык көргөн. “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан.
Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Пушкиндин “Евгений Онегин”, Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин “Он экинчи түн”, “Отелло” трагедиясын, Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан.