Ай Көл

Мамбетаипова Шакен

Шакен Мамбетаипова Тоң районундагы Туура-Там айылында 1936-жылы 20-ноябрда туулган. 1951-жылы Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында турмуш-тиричилик комбинатына тигүүчү болуп кирген. 1960-жылы өзүнүн оюулар чийилген альбому менен Фрунзедеги Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзуна кеңеш алуу үчүн келип, Көркөм фонддун килем жасоочу цехине саймачы, Фрунзе шаарындагы көркөм буюмдар фабрикасынын башкы сүрөтчүсү болуп орношкон. 1965-жылы Оштогу ВЛКСМ атындагы жибек комбинатына которулуп, көчүрмөчү болуп иштеген. 1966–1970-жж. Көркөм окуу жайынын прикладдык бөлүмүндө окуган. Ошол эле мезгилде Кыргыз ССРинин Тарых музейинде сүрөтчү-реставратор болуп эмгектенген. 1968-жылы Бүткүл дүйнөлүк студенттердин жана жаштардын IX фестивалына катышып, Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин борбордук конструктордук техникалык бюросунун көркөм ишканасында улук инженер-сүрөтчү болуп иштеген. 1971-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. 1975-жылы Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү» наамына ээ болгон.

Шакен Мамбетаипова сүрөтчү гана эмес, мыкты ырларды жарата билген акын катары да кеңири белгилүү. Анын “Кыргыз пейили”, “Ырлар”, “Байыркы жылдыздар”, “Улуу тоолор” аттуу ыр жыйнактары жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган. 2008-жылы акындын мурда жарыяланган жана элге билине элек тандалма ырлары кирген “Көл боюна жүз келем” аттуу тандалма ыр жыйнагы жарык көргөн.

Жазмалар табылган жок.

Scroll to Top