Ай Көл

Касаболотов Жыргалбек

1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 1988-жылы Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн. КМУнун кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 1991-жылдан тартып «Асаба», «Заман Кыргызстан» гезиттеринде кабарчы, «Ата журт» гезитинде башкы редактор, «Де-факто» гезитинде башкы редактордун орун басары, ТИМдин басма сөз кызматтарында жооптуу кызматкер, КТРде, «Кыргыз жер» телекомпанияларында редактор, «Кабар» маалымат агенттигинде маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, 2012-2014-жылдары маалымат агенттигинин директорунун биринчи орун басары болгон, «Азаттык» радиосунда интернет-редактор, «Журналисттер» коомдук бирикме долбоорунда жооптуу редактор болуп иштеген.

1999-жылы КР Президентинин «Алтын калем» сыйлыгынын жана «Ардак баракчасынын» ээси болгон.

Жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сынактын жеңүүчүсү болгон.

“Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.

“Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.

Жазмалар табылган жок.
Жазмалар табылган жок.

Scroll to Top