
Быйыл түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Биринчи поэзия фестивалы Ордолуу Ош шаарында 28-29-30-майда өтөт. Фестиваль кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналат, ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан жаш акындар катышат. Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын башын бириктирип, жаңы адабият платформасына айланмакчы.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө Жолон Мамытов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты деген наам, диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле эл аралык фестивалдын дипломанты деген сый-урмат көрсөтүлөт.
Фестивалдын уюштуруучулары:
-Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму
-КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
-Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги
-Евразия жазуучулар союзу
-КР Улуттук жазуучулар союзу
-КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы
-Ош облусу
-Ош мэриясы
-Ош мамлекеттик университети
Биз бул абройлуу фестивалдын катышуучулары менен тааныштырууну улантабыз (Буга чейин Өзбекстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын жаш акындары менен тааныштырдык.)
Түркиянын атынан катыша турган жаш акындардын ырларын сунуштайбыз.
1. Севги Демиржи
2.Юнус Карадаг

Севги Демиржи
Сахирдин колдору
Төрт дубал бир бөлмөнү бириктирип,
Кездешет босогодон кадамыбыз.
Дубалдын кереңдигин билип туруп,
Кандай оор көзгө тике карашыбыз.
Азап да, көздөрүңө тигилгеним,
Карашың дубал көзөп өтүүчүдөй.
Жарылып сабыр, чыдам дилиңдеги,
Бөлмөнү көз жаш каптап кетүүчүдөй.
Бизди эч ким куткара албайт бул абалдан,
Кан – сызык, сөөк – таяк, тырмак- калкан.
Бир гана Сахир колу мен таянган,
Таманы жерде, жүзүн сүрткөн асман.
Калдыбы жүзүндөгү жарык нуру?
Каршылык кыла алган жаңырыкка.
Сахир – бул табият эмес, сөздүн пири,
Баш тартпас азаптарга кабылып да.
Акырын түн сүрүлөт тоону көздөй,
Айлана кызгылт янтарь түскө толот.
Үмүттүн жаркыраган таңы келбей,
Айтылчу сөз айтылбай тоскоол болот.
Күзгүдөн нур элесин көрүүнү эңсеп,
Колдорун кенен жайып чар-тарапка.
Кум, сууда жүргөн өңдүү эркин жаңсап,
Канаттай колун сермейт аста-аста.
Кабыгы катып, чирип сууга түшкөн,
Карт бактын эшиткендей муңдуу үнүн.
От болуп жанып, соңку деми бүткөн,
Колдордон кайра айланып ачат гүлүн.
Тыңда, ук! Мурас кылып эне колу,
Ысымды, тарыхтарды келет улап.
Унтулбай, тебеленбей баба жолу,
Кумду эшип, ташты кесип барат улам.
Убакыт учкул, закым өткөн кездер,
Үмүттөр, бирок ага жете албаган.
Ааламды астын-үстүн кылып сөздөр
Асманы жерде, деңиз көктө калган.
Башында Айы айланып, Күнү тууган,
Асманды чарк айланчу өлөт бүркүт.
Капасты жарып чыгат кыпкызыл кан,
Эркиндик өчпөс үмүт, жетпес үмүт.
Тагдырдын жети айлампа жетегинде,
Тагдырым тартат сүрөт тындырбаган.
Кол сунуп бийиктикке жетээримде,
Капаста жаным, денем чынжырланган.
Өткөндүн өзгөртчүдөй элестерин,
Өзөктө арман жашайт жанды көзөп,
От канат үмүттөрүм өчпөсө дейм,
От канат үмүттөрүм акыры өчөт…
Майрам дарагы
Кар билдирет таңдын аппак атканын,
Кара шамал шыбырлары угулат.
Уктап жаткан карыяны чочутуп,
Майрам бактын жалбырагы шуудурап,
Шаркыратма доошундай туюлат.
Чебер сокпойт муздай каткан темирди,
Кармашууда муштум турса алсырап,
Ташта изи калган өңдүү унтулбай,
Жан дүйнө да чачкын ойдон жанчылат.
Тээ азандан кечке дейре өзгөрпөйт,
Көр тирилик күндө таккан чынжырын.
Тизелеген калыбымда көтөрөм,
Таразанын ташындай оор чындыгым.
Алааматтан алыс болуп акыры,
Алыс кеттим тынычтыктын көлүнө.
Кошула албай тамчы сыңар батынып,
Ыр боло албай, толкуп-ташып төгүлө.
Табылгансып канча издеген табылгам,
Канча жандын көргөм анык жүздөрүн.
Көзүм, көөнүм табиятты сагынган,
Жашайм азыр өңүмдөбү, түштөбү..?
Бул не дүйнө, не мактоо жок, не алкыш,
Канаттуунун ханбийкеси жаркырайт.
Жарып чыксын аппак жарык караны,
Майрам дарак түнөрүүгө арзыбайт.

Юнус Карадаг
Уйкудагы тагдыр
Үч ирет кочуштадым мөлтүр суусун,
Деңизди унутууга эрксиз көнөм.
Кайрадан жолугууну үмүт кылбайм,
Демек, мен ушул жолду жакшы көрөм.
Жылуусун сезбей күндүн өтөрмүн ээ?
Кечиргин, кыйын кезде атың айтсам.
Ормондун от койгондой өзөгүнө,
Кыянат кылдым окшойт махабатка.
Куладым, сага жүгүм артпай кетем,
А бирок, бул сыноону кантип кечем?
Батына албай эми жандагандан,
Жел болсом чачтарыңа тийбей өтөм,
Жел болуп чачтарыңдан сылап өтөм…
Түрк тилинен которгон: Калича Жакыпова

