Ай Көл

Котормо

Шухрат Ориф: Аядым окшойт мен сизди, аягым келип өзүмдү

Шухрат Ориф (Орипов) – 1981-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунда төрөлгөн. Өзбекстан Улуттук университетинин журналистика факультетинде бакалавр жана магистратура баскычтарын аяктаган. Өзбекстан Республикасы Президентинин алдындагы Мамлекеттик жана коомдук курулуш академиясында билим алган. Коомдук байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына ээ. Өзбекстан Жазуучулар союзу жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Көптөгөн эл аралык адабий жыйындардын […]

Карасөз

Бейшебай Усубалиев: Кайрандар

Борбугулов (эссе)(1-бөлүк) Умереть – это еще не всё. (Э.Хемингуэй) Алгач каарманым тууралуу учкай сөз: Мухтар Борбугулов – филология илимдеринин доктору, профессор, адабият теориясы боюнча кашкөй адис; Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, тамсилчи, драматург, акын; бул дүйнөдө өзү эле жалгыз бардай, эч кимди теңсинбегендей көрүнгөн инсан. Мен агайдын сүрөткерчилик чеберчилигине, илимпоздук жана окутуучулук ишмердүүлүгүнө илик жүргүзгүм келбейт,

Поэзия

Нурсултан Абдикаримов: Көтөргүлө башыңарды жигиттер! Сүйүү биздин, бой тердетчү аламан.

Абдикаримов Нурсултан Турдубаевич 1997-жылы 26-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында жарык дүйнөгө келген.Ошол эле айылдагы №86 Курманжан Датка атындагы окуу тарбия комплексин 2016-жылы аяктап, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырган.Аталган окуу жайын 2020-жылы аяктап, өзүнүн айылындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында

Сын

Орто жолдо бир жоголуп табылдым

Акын. Тагдыр. Поэзия. Акын коомдон өзү жашаган коомчулуктан ой, идея, тема алат. Аны жүрөгүнөн алып өтүп, ырга айлантат. Ырдын сапаты менен салмагы жарыкка чыкканда гана окурмандардын таразасына коюлуп, баасын алат. Жыйнактагы ырлардын дээрлик бардыгы кандай шартта жазылды, эмне түрткү берди кыскасы, калемгердин ошондогу абалынан, жан-дүйнөсүнөн аздыр-көптүр кабар берип турат. Чындыкты, өзү көргөн окуя, факты же

Сын

Лайли Үкүбаева: Арстан жүрөк алп акын

Кыргыз Эл акыны, КРнын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Анатай Өмүркановдун илгертен күйөрманы болуп, чыгармачылыгы менен кыйла эле жакындан тааныш болсом да бүгүнкү күнгө чейин агайдын адресине эки ооз жылуу сөз айтып коюуга бурчам келбеди. А жашоо, өмүр дегениң зымырык куштай шуу этип өтүп кете берди, кете берет экен… Кумир туткан канчалаган таланттарыбызга учурунда айтылбаган

Маектер

Кубатбек Жусубалиев менен жолукканда

Редакциядан жазуучу Кубатбек Жусубалиевге жолугуп маек куруп келүү мага тапшырылды. Бир эле “Муздак дубалдарын” окудум эле, кандай болор экен деп бир аз тайсалдадым да, барууну чечтим. Жошолу айыл өкмөтүнөн бир киши: “менин коңшу айылымдан болот, жолдон түшүп 100 метрдей басасың. Үйлөрдөн обочороок, тоонун бооруна жармашкан кызыл үй” деп түшүндүрдү. Гүлчөгө барып такси котордум. Кыргыз филологиясын

Поэзия

Каниет Орозбеков: “Жакса экен” деп келип кезигүүгө, “жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым

Өзүм жөнүндө маалымат 7-май. Төрөлгөнүм ушу күн,Жерден көккө 170 узунум.Жеген жактан киши салбайм алдыга,Жепжеңилмин, бирок арык кишимин. Ата-энемдин желбиреген туусумун,Алай-дүлөй ташкындаган суусумун.Кыла албай келем “барга” каниет,Кызыгы эң, а КАНИЕТ ысымым. Көңүл бурар ойлор менен бөлүшсөк,Көпкөк тарткан айтсак болот “дениз” деп.Кем дегенде тынч жатканда эки күн,Коймок экен ысымымды ЖЕҢИШБЕК. Атам Ороз. Орозбеков фамилиям,Ата-бабам “Эштек” уруу жагынан.Анчалык

Сын

“Бет-Алман” – кыргыз прозасындагы жаңы сөз, этаптуу чыгарма

Өткөн жылдын акыркы айларында буга чейин кыргыз адабий чөйрөсүндө анча белгисиз болгон автор Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” аталышындагы тарыхый-даректүү романы жарык көрдү. Роман чыгары менен адабий коомчулукта эле эмес дегеле жалпы коомчулукта кызыгуу жаратып, аталган чыгарма боюнча тынымсыз сөз жүрө баштады. Анын негизги себеби романдын каарманы – Caпар Алмамбетовдун тарыхта жашаган, татаал тагдырлуу адам болгондугу, ал

Видео, КЕЧЕЛЕР, Котормо

Дүйнө акындары кыргыз тилинде

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы бул жылы бир катар адабий программаларды, поэзия кечелерин, адабий сабактарды, сындарды, талкууларды өткөрүп, жалпыга жарыялап турууну максат кылган. Ал максаттарды чыгармачыл жамаат менен бирге жүзөгө ашыруудабыз. Сайтыбызга дүйнө акындарын кыргыз тилинде сүйлөткөн калемдештерибиздин котормолорун сунуш кылабыз.

Карасөз

Сагын Акматбекова: Муңайым жымжырттык

Ай күнөөлүү …Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз.Өзүмү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: «сен күнөөлүү!» –

Scroll to Top